Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылынын №17 Сатыбалды Далбаев мектебинде Нооруз майрамына карата каада-салттар көрсөтүлдү.
Бул майрамга 8-9-10-11-класстарынын окуучулары катышышты. Ар бир класс ар түрдүү каада-салттарды аткарып беришти. 11-класстар 10-класстарга куда түшүп келишсе, ал эми 9-класстар бешик той берди, 8-класстар болсо тушоо кесүү салтын өткөрүштү.
«Бүгүнкү майрам жакшы болуп өттү, бардык класстар өздөрүнүн чеберчиликтерин жакшы көрсөтө алышты, мен көрүп олтуруп аябай таң калдым», — деди мектеп директору Давлет Өмүрзакова.
Ошондой эле мектепте көп жылдан бери иштеген Азимкан эжеке «бул майрам мага аябай жакты, бирок окуучулар жакшы көңүл коюп даярданышса болмок экен» деп айтты.
Бул майрам жылда мектепте белгиленип келет.
Автору: Кушбак Таирбек уулу
Редактору: Заирбек Таирбек уулу
Сынак үчүн