Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылында 80%үйлөргө таза суу киргизилди. Мурда көчөдө бир жерден гана суу чыгып тургундар ташып ичишчү. Азыр элеттиктер үйүнө киргизишти бирок, күнүнө 2 саат гана суу чыгат.
Ооган-Талаа айылындагы таза суу комитетинин жумушчусу Кубаныч Чотуев сууну үйүнө киргизгендер башка акы суу киргизе электер башка баада акча төлөшөрүн айтат:
“Бизге таза суу чыгат, аны жакында эле ремонт кылдык. Айыл өкмөт тарабынан жардамдар көрсөтүлдү. Учурда элге толугу менен суу жеткирилген эмес, 80% элге суу жеткирилди. Бизде күнүнө ар бир жолго 2 сааттан чыгарабыз. Бул суу тартма (водокачка) бөлүнүп келет, суу күнүнө чыкканына байланыштуу жеткирүү кыйын болуп жатат. Эл арасында үйүнө суу киргизгендер 150 сомдон, көчөдөн ташып ичкендер 100 сомдон айына суу акысын төлөшөт”.
Ооган-Талаа айылынын тургуну Канжарбек Мамаев таза сууну үйүнө киргизгени үй-бүлө үчүн жеңил болуп калганын айтат. Мурда суу алганга атайын убакыт жана күч керектелчү. Көчөдөн чыккан сууну ошол көчөдө жашагандардын бардыгы ташыгандыктан кезек жетпей суу токтоп калып булактан дагы ташыган учурлар болчу:
“Бизге суу жакын арада эле чыкты, азыр суу кээ бир үйлөлгө суу түтүк чыкты кээ бир үйдөгүлөр көчөдөгү суу түтүктөн ташып ичишет. Бирок азыр менин үйүмө суу түтүк чыгаргам, учурда менин үй-бүлөмө жеңилдик жаралды. Мурун биз да көчөдөн ташып ичет болчубуз, ошол убакта бир суу түтүгүнө 4-5 саатга чыгарышат эле, суу ташып алганы жетишпей калып булактардан суу алып келген убактарыбызда болду. Азыр эч кандай кыйынчылык жок. Биз айына 150 сомдон суу акысын төлөйбүз, биз үчүн эч кандай кыйынчылык жаратпайт”.
Элетте таза суу маселеси толук чечиле элек. Буга айылдыктардын суу акысын толук бербегени дагы себеп болууда. Учурда жашоочулар 2 саат гана чыккан суудан идиштерге же атайын казылган кудуктарга топтоп алышат.
Нуриза Калдарбаева