Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылында селди алдын алуу үчүн ноо куруу иштери аяктады.
Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Турдукуловдун айтымында, ноо куруу 2016-жылы күз айында башталган. Кар жаганына байланыштуу 100 метр салынгандан кийин курулуш иштери убактылуу токтотулган.
«Курулуш иштери быйыл 2017-жылдын май айында аягына чейин бүттү», — деп билдирди ал.

Бетон арыктарын куруу иштери мындан ары айылдардын ичине да курула баштаарын айыл өкмөт башчысы кошумчалап өттү.
Даярдагандар: Аяна Нурлан кызы, Заирбек Таирбек уулу