Базар- Коргон районунун Ооган-Талаа айылында үй тиричилигине керектелүүчү буюмдарды сатуучу дүкөн иштей баштады.
Дүкөндү жеке ишкер Рустам Мурзакаримов жеке демилгеси менен ачып, ишке киргизди.
«Ооган-Талаа айылында үй тиричилигене керектүү буюмдарды тактап айтканда муздаткыч, электр мештери, телевизор, кир жуугуч машина ушул сыяктуу буюмдар сатылууда. Правда Чарбак, Көк-Алма, Кара-Ой, Ооган-Талаа айылдарында мындай дүкөндүн жоктугунан «Могол» айыл аймагынын эли районго барып алышчы. Аны алып келүүдө эки эсе көп чыгымга учурап келишкен. Ушул көйгөйдү эске алып мен Ооган-Талаа айылына дүкөн ачтым», -деп билдирди Мурзакаримов.
«Негизи менин максатым элди арзан, сапатту үй тиричилик буюмдары менен камсыз кылуу жана жеткирип берүү болду»,- деп кошумчалады жеке ишкер.
Мындан сырткары уюлдук телефондор, флешкалар, музыка аппараттары, антенна да сатылат.
Зарина Самидинова: «Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебине заманбап телевизорлорду коюу демилгеси колдоого алынып, биз райондун базарына барбай эле ушул дүкөндөн 4 телевизор алдык.»
Азыркы күндө дүкөн МКК «Мол Булак» менен келишим түзүп, элге насыяга уюлдук телефондорду, үй тиричилигине керектүү буюмдарды берип жатат.
Айыл тургуну Гүлзат Оспанова: «Бул дүкөн иштеп элге жакшы болду. Насыяга үй тиричиликке керектүү бумдарды алууга да ыңгайлуу. Алып келүү үчүн ашыкча чыгым да жок».
Жеке ишкер: «Алдын ала да буйрутма менен бумдарды алып келем. Каалоочулар 0777777085 номерине чалып буйрутма берсе болот»,- деп билдирди.
Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ