Коронавирус илдетинен улам дүйнөдө болгон апаат Кыргызстанда дагы орун алды. Бул учурда калың элдин ичинен элдин жүгүн көтөрүп, көйгөйүн чече билген адамдар алдыга суурулуп чыкты.
«Элге эле боорум ооруй берчү да. Кээ бирѳө наны жок болуп калганда ошолорго да колуман келгендерин берчүмүн. Барскоон айымдары деген группабыз бар ошого келе баштады баланчанын курсагы ачка экен. Кыйналып жатат дарысы, продуктысы жок деп кѳп келди. Магазиндерди кыдырсам, 3 эле кап ун калыптыр. Ун да алдым, суу май алдым, продукты дагы алдым, жүктѳдүм да кыдырып сураштырып берсем чынында эле эл ачка, дарылар жок экен. Март айында жаз болуп эл чындыгында эл аябай кыйналып жаткан. Мен болушунча жардамымды бердим».
Гулмира Токтокожоева коронавирус илдети жаңы башталып, өлкөгө карантин киргизилгенде эле кайрымдуулук кылып баштаган. Жогоруда өз сөзүндө белгилегендей тамак-аш, дары- дармек менен ал элдин күнүмдүк муктаждыгын чечип турууга аракет кылган.
Айылда илдет күч алган учурда кайрымдуулук фонд ачып, ар бир магазиндерге урна коюп, жалпы элден чогулган акча каражатын керектүү дары-дармектерге жумшай башташкан.
“Барскоон Бапа кайрымдуулугу” деп группа ачты ошол группага чыкырышты, келип биз менен иштеп бериңиз эже. Канча кылган менен сиздин стажыңыз бар көп жылдан бери иштеп жүрбөйсүзбү, семейный кетип атасыңар эми бизге группага кошулуп иштеп көрбөйсүзбү деди. Эми мейли эми группа менен деле иштеп көрөйүн эми жалгыз киши өзүңдү –өзүң билесиң, өзүңдүн акчаңды кандай жумшасаң да эч кимге отчет бербейсиң, коркпойсуң шарт-шарт аласың алып барып таратып-таратып кетип каласың.
Дароо эле шкатулка жасаттык, ар бир магазинге шкатулка койдук. Ошол шкатулкага кимдин колунан канча келсе ошону, мейли беш сом болобу, бир сом болобу ошону салсын дедик. Өрүктүн учуруна туш келип калды, жакшы буюрса 31170 сом чогулган. Биз ошол учурда ооруканага дары-дармек Бишкектен алдырттык. Керектүү дары-дармегин алып берип ошол кайрымдуулуктун атынан өткөрүп бердик”.
Айыл тургундарынын урмат –сыйына, кадыр баркына ээ Гүлмира айым пандемияда эле кайрымдуулук кылып баштаган жок. Ал биз менен маектешип жатып, бир канча жыл мурун алгачкы кайрымдуулук иштерин жасоого базар ичиндеги кайыр сурап жүргөн жаш келин түрткү болгонун билдирип, ошол учурду айтып берди.
«Негизи кѳп жолдо жүрѳм, адамдардын ар кандай жашоосун кѳрүп кээ бирѳѳнѳ продукты керек болот, кээ бирѳөнѳ кийим-кече керек болот. Кээ бирѳөнѳ балдары окууга бара турганга калем, дептер керек болот ушуларды четинен акырындык менен алып берүу менен башталды.
Караколго күйѳм экѳѳбүз кыштын күнү январь айында барып продукты алып жатканбыз. 30 менен 40 ортосундагы айымга кезигип калдык капысынан эле да. Ушунчалык боор ооругудай болчу да. Үстүндѳгү кийими деле жупуну, бутундагы бут кийими азыркы биз продукты салып жатпайбызбы баштыкка, ушундай менен байлап алыптыр. Бутундагы чокойун чечтирип чокой, байрак сатып берип колум бутуна тийип кетти да. Таштан эч айырмасы жок да тоңуп калган да ушунчалык. Ушуну алып берип жатканда аялдын кѳз жашы, сүйлѳгѳндѳрү, магабы мага алып берип жатасыңбы, сен кимсиң деген суроолорду берди.
Бирок жооп бере алган жокмун чынында эле. Үнүм чыкпай калды да ошол учурда бир башкача сезимде калдым. Балам дар, баламдын курсагын тойгузуп бересиңби дегендей кылды. Эт, нан, продукты алып бердим. Ушундай ыраазычылыгын айтып ушундай сүйлөдү да. Сѳз менен жеткире албайсың да».
Гулмира айым өңдүү кайрымдуулук иштерип жасаган адамдар бир колуң бергенди бир колуң билбесин деп келишет. Ошол себептерден кайрымдуулук менен алектенген көмүскөдөгү инсандар көп.
Гүлкайыр Осмоналиева