2020-жылдын март айынан бери жер-жерлерде Сovid-19 илдети күч алып желдей тарады. Бул илдет жѳнүндѳ элдин түшүнүгү жок болгондуктан кѳбүнчѳ жарандар илдетке чалдыгышты. Бара-бара оорунун кандай экендигин сезе башташып ѳз алдыларынча сактанууга да ѳтүштү.
Илдет оор жана жеӊил түрү менен кармап карапайым калктын эсин оодарышты. Ал эле эмес арты ѳлүм менен да аяктады. Барскоон айылынын Үй-бүлѳлүк дарыгерлер тобу бул илдет менен күрѳшүп жатышты. Бул учурда ѳпкѳнүн кагынуусу боюнча дарыланган бейтаптардын саны 300гѳ жеткенин Барскоон айылдык үй-бүлѳлүк дарыгерлер тобунун улуу медайымы Айнагүл Эсеналиева тѳмѳндѳгүдѳй билдирди:
«Пандемиа учурунда ооруканага кайрылгандар кѳп эле болду. Алардын ичинен жеӊил формалары, орто формалары анан оор формадагыларды госпитализацияга жиберилип жаттык. Элдин бардыгы ооруп жатты деп айткандан да алысмын. Кѳбү деп айтсак болот ошолордун ичинен пневмония боюнча күндүзгү стационарда ѳзүбүздѳ дарылангандар 300гѳ жакын адам болду да. Ал эми ОРВ жеӊилирээк формадагыларды үйүнѳн эле кѳзѳмѳл кылып, үйүнѳн эле дарыланып жатышты. Салыштырмалуу азыркы убакта бизден пневмония менен дарыланып жаткандар үчѳѳ.»
Азыркы учурда баштагы ооруган бейтаптар кайра оорушат деген маалыматка улуу медайым кайра каттала электигин да кошумчалай кетти. Илдетти толугу менен токтоду деп айтууга мүмкүн эмес. Себеби интернет булактарынан да үч күндѳн бери кайра күч алып катталган бейтаптардын саны кѳбѳйүүдѳ. Күн сууктап калганына байланыштуу аба алмашкан учурда кѳпчүлүк жарандар тамак оору, сасык тумоо, ич ѳтүү илдеттери менен жабыркап келишет. Ушундан улам күчѳтүп алган учурлар катталып жатат. Бирок алдын- ала бул учурду пандемиянын экинчи толкуну башталды деп айтуудан алыс экендигин жана бул илдет кайра болуп калышы мүмкүн деп ооруканада даярдык кѳрүлүүдѳ”,-дейт Айнагүл айым.
«Азыр мурунку ооруп кайра кайрылгандар каттала элек биздин айыл боюнча. Аны чоң изилдѳѳдѳн кийин айтылбаса кайрадан ооруйт деп. Кыргызстан боюнча азыр кайра үч күндѳн бери рост берип жатат. 175 болсо үч күн мурун. Андан кийин 163 анан 150 бүгүн 100 чыкты. Бирок баари бир экинчи толкунга даярдап жатышат.»
Сovid-19 илдетинин экинчи толкуну болуп ооруканаларда даярдыктар толугу менен камсыздалган. Барскоон айылынын ооруканасында 20 орундуу күндүзгү дарылоо бѳлүмү ачылган. Ал толук кандуу иштѳѳгѳ даяр. Ал эми орун жетишпей калса дагы 20 орундуу күндүзгү дарылоо бѳлүмү иштѳгѳ даярдалган. Мындан тышкары, экинчи толкунга керектелүүчү дары-дармектердин запасы толугу менен бар экендигин да билдирди.
«Жыйырма орунга күндүзгү стационар ачылган. Ал толугу менен толукталган. Бардыгы бар, биринчи жардамга деле бардык дарылар деле камсыз болгон. Биздин бюджеттен алгандан да тышкары айылдын тургундары «Бапа» кайрымдуулук фонду тарабынан келген жардамдардын да остатоктору калган, ошолор бар».
Ар бир адамга ѳз ден-соолугу маанилүү. Бирок ушуга карабастан санитардык эрежелерди сактоону унутуп бара жатышкандай. Элдер кѳп чогулган жерлер кайрадан күч алууда. Тойлорго, кырк-аштарга жана шайлоо үгүт иштерине чогулуу кѳп болууда. Ушул учурда ар бир жаран эрежерелди сактаса илдет күч алуудан азаят эле деген оюн Айнагүл Эсеналиева ортого салды.
«Болбой эле той-топурлар болуп атат, болбой эле аш-тойлор болуп атат, чогулуу болуп атат. Элүү кишиден ашык чогултпагыла деген бирок, чогултулуп атат, шайлоого чогулуп атат бүт жерде эле. Анан ошол чогулган жерге маскачан барышса, колуна антисептиктен алып алышып, алысыраак дистанция сактап турса аябай чоӊ жардам кѳрсѳтѳбүз жайылтпаш үчүн. »
Адамга эӊ биринчи ден- соолук манилүү. Ден соолугуӊ жок болсо жыйнаган байлык бийлигиӊ деле маанилүү эмес. Ошондуктан эӊ биринчи санитардык эрежелерди сактоо керек.
Гүлкайыр Осмоналиева