27-февраль күнү «Парламент сүйлѳйт» сынагы болуп ѳттү. Тагыраак айтканда Суусамыр айылында мектептер арасындагы спорт жана ден соолук министрлери ат салышты. Таймаш абдан кызыктуу жана татаал болду. Оюндун жүрүшүндѳ катышуучулардын жакшы даярданып келгени ачык билинип турду. Бирок таймаш болгондуктан эң мыкты спорт жана ден соолук министрин тапты.
Радиовикторинада адаттагыдай эле ѳздѳрүнүн иш-пландары менен тааныштырып, 10 суроодон турган тест, логикалык суроолор жана таланттары менен бѳлүшүштү.
Иманжан Бегимкулов атындагы орто мектебинин тарбия завучу Назгүл Казакова сынак тууралуу ѳз ою менен бѳлүштү:
«Бул конкурстун болушу окуучуларга абдан жакшы стимул жана ѳздѳрүнүн милдеттерин так аткарып, изденүүгѳ түрткү берет. Ошондой эле ѳзүмдүн окуучум боюнча айтканда, Аиза окуу жылдын башында шайлангандан баштап, ѳз милдеттерин жана иштерин так аткарып жатты. Сынакка жакшы даярданып жатты, ѳзүм дагы кошумчалап, үстүртѳдѳн карап жаттым» — дейт
Таймаштын жеңүүчүсү Сатымбай Карабеков атынлагы орто мектебинин окуучусу Амантур Самудинов кубанычы менен тең бѳлүштү:
«Таймашка абдан кызуу даярдандым, жалпысынан айтканда 1 ай даярдык кѳрдүм. Мага жардам берген классташым Жумабеков Жанбулатка чоң рахмат. Былтыркы сынак мага тажрыйба берди десем болот. Мен Конушбаев Тынчтык Кадырбекович агайымдын ар кандай таймаштарына катышып жүрѳм. Былтыркы оюндан албай калсамдагы ѳзүмдү басындырбай, быйыл аракет кылып жеңишке жетишип отурам. Рахматымды айта кетсем, уюштуруучу Айзада Калканбековага, Тынчтыкбек Конушбаев агайга жана Аида эжеге чоң рахмат!»
Сынак түз эфирде болуп, ортосунан бир музыкалык тыныгуу болду. Оюнга калыстар тобунун төрагасы Зооданбек Асаналиев болду. Сынак аяктап, грамота тапшырылып, жыйынтыкталды.
Эскерте кетсек, сынакта эң мыкты аталган мектеп парламентинин мучөлөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине барып маалыматтык турга катышып жана эс алууга жолдомо алышат. Долбоорду башынан аягына чейин каржылаган Жогорку Кенештин депутаты Конушбаев Тынчтыкбек Кадырбекович.
Даярдаган: Ачыкова Умсунай, Айтенир Индусбекова