Кыргызстанда көп партиялуулуктун негизи бар. Кыргыз Республикасында 2009-жылдын 1-ноябрына карата Юстиция министрлигинде 105 саясий партия каттоодон өткөн, 2011-жылдын 30-июнуна карата 156 партияга өскөн, ал эми 2018-жылдын 1-июнуна саясий партиялардын саны 232 гө жетти.
Бакай-Ата жамааттык радиосунун түз эфиринде «Партия деген эмне?» деген темада маек болду. Түз эфирдин коногу Талас шаарынын юристи Мурат Шамиль суроолорго жооп берди. Түз эфирдин алкагында партия деген эмне, кандай түрлөргө бөлүнөт жана азыркы партиялардын сапаты боюнча сөз кылынды. Эфир учурунда Таластын жаш лидери Азамат Асейинов, жаштардын саясий партиялардагы орду боюнча өз оюн билдирди жана шайлоо учурларында партиялар менен иш алып барган Анарбек Шукиевтин шайлоо процессиндеги партиялардын ишмердүүлүгү тууралуу пикирин уга алдык.
Эскерте кетсек, бул уктуруу Кыргызстандагы Фридрих Эберт Фондусу тарабынан каржыланып, ишке ашырылууда.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова