Таберик подкастынын 5- чыгырылышы жарык көрдү.
Ата- бабалардын бизге таберик катары калтырган салт санаасы, үрп адаттары тууралуу подкастта буга чейин кыргыз тойлорун, бата берүү, кыз узатуу, маркумду узатуу салттары тууралуу сөз кылынган.
Бул чыгарылышта ата- бабалар ойноп келген оюндар тууралуу сүйлөштүк.
Бул чыгарылышта сиз көк бөрү оюнунун тарыхы, ал кандай өзгөрүүгө дуушар болгонун, илгери эл башкарган Болуштардын оюну жана таарынычы, улуттук оюндарды унутпай сактап калуу, азыркы жаштарга кантип үйрөтүү керектиги жөнүндө уга аласыз.
Подкасттагы маектеш Турар Абылгазиев, ардактуу эс алуудагы мугалим, көп жылдар бою жаштарды спорт менен машыктырып, көк бөрү оюнунда калыс катары кызмат аткарып келген айыл тургуну.
«Таберик» подкасты «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен даярдалган. Мазмундагы ой-пикирлер Фонддун көз карашын чагылдырбайт.