Сенсация: 4 кабаттуу, 32 батирлуу уйдун канализациясы кадимкидей иштей баштаптыр!!!
Откон макалаларыбызда окурмандарга белгилеп кеткендей Кошбулактын канализациясын калыбына келтируу жана иштетуу боюнча долбоордун журушун чагылдыруу учун иш кызуу журуп жаткан жерге барып маек алдык:
«Мына коруп турасыздар, иш кызуу журуп жатат. Россияда мындан да оор жумуш кылып жургонбуз. Тростордон ар кандай эмгек куралын жасап алганбыз. Эгер зарыл инструмент керек болуп калса мына жакын эле ОсОО «Нур»дун директору Рахман Эрматович берип турат. Ыракмат ал кишиге, Элдин иши учун эч нерсени аябай бергиле деп колунда иштегендерге айтып койгон, акыркы убактарда кун жаанчыл болуп жакшы иштей албай калдык. Эми кун ачылып кетти»- дейт жумушчулардын бири Алимжан.
«Эскини эптегичен эсин кетет дейт элибизде. Негизи эле дуйнолук курулуш практикасында, капиталдык курууга караганда капиталдык калыбына келтирип ремонттоо иши кыйын. Бирок кээ бир жагдайга байланыштуу болот. Мисалы бизде биринчиден:- жаныдан курууга каражат жок. экинчиден:— жабдуулар (колодецтер, а/ц трубалар) баары союз убагында чыгарылган, ото сапатту, ошого ото аяр мамиле жасап, «жууп-тазалап» дегендей калыбына келтирип жатабыз. Буйруса булар дагы 50 жылдан кем эмес кызмат кылат. Эми журуп жаткан иштер боюнча айтсам, 9-майга карата 4 кабаттуу (1-3-5 номерлуу) уйлорду кошуп, Элди кубанталы деп план койгом.
8- май куну №3 (1-кабатында №3-Поликлиника жайгашкан) 32 батирлуу уйду толугу менен коштурдум. Гидродинамикалык текшеруу кылдык, кудайга шугур кадимкидей иштеп баштады. Аба ырайына байланыштуу убактынча ишти токтотуп турууга мажбур болдук. Мына эми кун ачылып иш кызуу журуп жатат. Коз коркок кол баатыр деп баштап алган экенбиз, мына Оз ишканалары бар, шаардык Кенештин депутаттары Рахман Эрматович Абдыназаров менен Исманали Джумабаевич Карабаевдер, убак-убак келип кабара алып, колдо бар техникалары менен, иштеп жаткан балдарга акчалай жардамы менен колдоо корсотуп, Кыргызстанда инфраструктураны калыбына келтируудо революция жасап жатабыз«- дейт Кошбулак аймактык поселкалык башкармалыгынын башчысы, Кыргыз Республикасынын Муниципалдык Кызматынын Отличниги Сапаркулов Бакытбек Эркинович. (томондо окуя боюнча фото сюжеттер)
Кабарчы: Анварбек Тухтаров