Базар-Коргон районуна караштуу Правда айылында «Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата мугалимдер арасында сынак болуп өттү. Сынака үч мектептин мугалимдери катышты.
Бул сынакка Могол айыл аймагына караган үч мектептин адеп сабагынан берген мугалимдер катышты. Алар: Ооган-Талаа айылынын Сатыбалды Далбаев мектеп гимназиясынын, Кызыл-Үңкүрдүн Ташиев орто мектебинин жана Правда айылынын Жумалы орто мектебинин мугалимдери.
Сынакка калыстык кылып Базар-Корго районунан мугалимдер келишкен. Калыстар тобунун мүчөсү жана Жоомарт Бөкөнбаев мектебинин мугалими Нусида Базаркулова:
— Бул сынакты «Ыйман, адеп жана маданият» жылы деп белгилегенине байланыштуу мектептер арасында өткөрдүк. Адеп сабагынан берген мугалимдер өздөрүнүн сабагында адеп, ыйманды кандай түшүндүрүп беришет, ушул кезге чейинки аткарган иштерин канчалык дээңгелде аткарышты деген максатта болду.
Бул сынакта мугалимдер төмөнкү тапшырмалар боюнча жарышты:
1-Өзүн тааныштыруу, 2-Кыргыз элинин каада салттары, 3-Баанер чечмелөө.
Жеңүүчү болуп Правда айылынын мугалими Назгүл Турдуматова тандалды. Ал биринчи орунду алам деп күтпөгөнүн айтты.
«Даярдык чынын айтсам болгон эмес. Биз кабарды кече эле уктук. Анан ошол биздин мектепте болуп жатса, адеп мугалими болуп туруп катышпасам болбойт деп бул сынакка катыштым. Мен жеңгенде аябай таң калдым, кубандым даярданбай эле жеңсе болот экен дедим», — деген кубанычы менен бөлүштү ал.
Эми Турдуматова сынактын райондук турунда айыл аймагынын намысын коргойт. Райондук баскыч 17-мартка белгиленген.

Ташиев мектебинин адеп сабагы мугалими Венера Субаналиеванын айтымында, сынакта мугалимдер аз болгондуктан кызыксыз болуп калган.
«Негизи сынак жакшы эле өттү. Калыстар тобу туура баа беришти деп ойлойм. Жеңген мугалим татыктуу жеңди, себеби ал биздин арабызда улуу эже эле ошондуктан жеңишке татыктуу жеңди», — деген ою менен бөлүштү Субаналиева.
Автору: Тимурлан Мелисбек уулу
Рекдактору: Адилет Канант уулу
Сынак үчүн