«Кара бак комплекси» 2013-жылы түзүлүп, ага 1400 түп өрүк, 800 түп алмурут, 800 түп алма отургузулган.
Комплекстин жалпы аянты 20 га. Түзүлгөн «Кара бак комплекси » «Махмуд Кашкари Барскоон » муниципалдык ишканасына бекитилип берилген. Азыркы учурда муниципалдык ишкана тарабынан ишембиликтер жүргүзүлүп, көчөттөргө суу куюлуп турат. Комплекске отургузулган көчөттөр кийинки жылдары түшүм берип калат деген тереӊ ишеничибиз бар. Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтү Эшмамбетов Руслан Төлөнович конокторго «Кара бак комплексинин» негизги идеасы жана пайдасы боюнча презентация кылды.
Иштин жүрүшүндө Темир Сариев өз оюн билдирип комплекс боюнча кенен маалымат алды. Иш чара бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын премьер министри Сариев Темир Аргенбаевич төмөндөгүлөрдү айта кетти:
«Ысык-Көл областында жүрөм. Иш сапарыбыз эки күн уланат. Биз бүгүн «Тамчы аэропортун» ачтык. Бул эл аралык аэропорт болот. Келечекте биз Ыссык-Көлдү туризм зонасы деп айтып жатсак, ошонун бирден бир көтөрө турган багыты бул аэропорт болот. Баардыгы убакыттан көз каранды. Элдер тез келип кетсем, көбүрөөк эс алсам дейт. Ошондуктан аэропорту мамлекет тарабынан каржылап, эл аралык стандартка жеткиребиз. Андан кийин Балыкчыда биртоп иштеп жаткан ишканаларды жана тазалоочу жайлардын курулуп жатканын, көмүр каналарды көрдүм. Андан соӊ Кызыл-туу айылына жаӊы мектептин салынышын, ошол муниципалдык ишканалардын иштетилишин да көрдүк. Мындан кийин Каракол шаарына барып, дагы кыдырып ошол жерде конуп калабыз. Ал эми эртеси Чолрон-Ата шаарына жана Бостери айылына барып туризм боюнча чоӊ жыйын өткөрөбүз. Туристтик сезонду ачуу боюнча мамлекет тарабынан көп көӊүл буруп жатабыз. биринчиден коопсуздук жагын, экинчиден тартип, үчүнчүдөн тазалык, төртүнчүдөн экологиялык маселелерди көбүрөөк карайбыз. Пансионаттардын сапатын карап чыгып, тийиштүү чараларды көрүп, иш чараларды уюштуруп ошол багытта иштеп жатабыз.»
«Кара бак комплексин» негиздөөгө биртоп салымын кошкон Жети-Өгүз райондук администрациясы тарабынан жана областтан келген адамдар иштин жүрүшүндө премьер министрге өз ойлорун айтып, ар бир кошулган салымды билдиришти. Жети-Өгүз райондук администрациясынын акими Жудеев Калысбек Асаншаевич төмөндөгүлөрдү айтты:
«Бүгүнкү күнү Жети-Өгүз районуна иш сапар менен Кыргыз өкмөтүнүн премьер министри сариев Темир Аргенбаевич таанышып жатат. Ошондой эле Барскоон айылына «Махмуд Кашкари Барскоон» муниципалдык ишканасынын «Кара бак» долбоорунда баарыбыз турабыз. Комплекс мамлекеттик муниципалдык иш кана болуп 2014 жылы айыл өкмөт тарабынан түзүлгөн. Буйурса «Кара бак комплексинин» келечеги абдан чоӊ. Президенттин өнүгүү стратегиясына кирип ишке киргизүүдө киреше алып келчү ишкана болуп эсептелинет.»
Даярдаган: Айдай Кудайбергенова, Чынгыз Насырбеков.