Кыргыз мамилекеттик юридикалык академиясы тарабынан, Жеңиштин-70 жылдыгына арналган Бишкек шаарындагы жана Чүй областындагы мектептердеги 11-класстар арасында сынак жарыяланган. Рүстөмбек.Мамыралиев атындагы гимназия орто мектебинин жаш директору Султаналиева Динара Жолдошбековнанын демилгеси менен аталган мектептин окуучулары катышып, ийгилик менен келишти. Окуучуларды Актердук чеберчилик ийриминин жетекчиси Орозбекова Дамира Жумабековна даярдаган. Ч.Айтматовдун «Саманчынын жолу» чыгармасынан үзүндү ойноп «Толгонай, Жер Эне, Майсалбектин» образдарын мыкты деңгээлде аткарышып залдагы көрүүчүлөрдүн купулуна толушту. «Катюша» аттуу ырды жандуу үн менен мыкты аткарышты. Сынактын жыйынтыгында Р.Мамыралиев атындагы гимназия орто мектеби 1-орунга ээ болушту! Ошону менен бирге сынака катышкан 11- класстын окуучулары: Алымкулов Азиз, Авазбекова Кундуз, Асанбанва Алина,Гончарова Мария, Гончаров Антон КМЮАнын студенти деген сертифмкатка ээ болушту! Даярдаган мугалим Орозбекова Дамира эжеге жана мектеп атына сынакка активдүү катышкандыгы үчүн ыраазысылык каттарын тапшырышты. Ал эми КМЮАнын Жеңиштин- 70 жылдыгына арналган 4- майда болуп өтө турган иш чарага жеңүүчүлөрүбүз катышып баалуу белектер менен сыйланышмакчы. Окурмандардын атынан сиздерди куттуктайбыз! Дагы далай ийгиликтерди жарата бериңиздер!
Даярдагандар:Кубанычбек уулу Азамат, Жаркынбаев Дастан