«Баластан» телеканалы тарабынан жыл сайын болуп келген «Манас таануу» интеллектуалдык теле таймашынын Кочкор райондук турунда «Сон-Көл» орто мектебинен түзүлгөн «Мурас» тобу 1-орунду багындырды.
«Мурас» тобунун мүчөсү Айпери Марлес кызы:
«Соң-Көл» орто мектебинен түзүлгөн «Мурас» тобунун курамында 8а-класстын окуучулары Айбийке Касымбекова, Наима Абдиева бар. Даярдаган мугалимибиз Бурул Майрамбек кызы. Оюн 3-март күнү Кочкор районуна караштуу Дөң-Алыш айылында өткөрүлдү. Жалпы 35 мектептен 37 топ жигердүү катышты. Топтор аябай күчтүү экен дароо эле жеңип кетүүгө мүмкүнчүлүк жаралган жок. 3 топтун упайлары бирдей болуп калгандыктан кайра 3 топ финалда жарыштык. 3-орунду Көк-Жар орто мектеби алса, 2-орунду Сайнап Жунушалы кызы орто мектебинен келген топ алды. 1-орунду биз ээледик. 1-орунду алганда аябай сүйүндүк. Эжейибиз да ыраазы болду. Өзүбүзгө да аябай ыраазыбыз.
1-2-орунду багындырган топторго облустук турга жолдомо берилди. Жеңүүчүлөргө «Көйкашка» фонду тарабынан 1-даражадыгы диплом, Райондук Билим Берүү бөлүмүнүн ардак громатасы, акчалай сыйлык жана китептер ыйгарылды. Эми облустук турга даярданууну баштайбыз. Негизи бул «Манас таануу» оюнуну бизге эмнени үйрөтө алды. Албетте аябай көп жакшы нерселерди үйрөттү. Эпосторду тааныдык, окуяга сүңгүп саякаттадык жана сөз байлыгыбыз өстү. Сахнанын сүрүн да жеңдик. Ошону менен бирге каармандардын өзгөчөлүктөрү менен таанып биле алдык десем жаңылышпайм», -дейт.
Нураида Урматбекова