Ноокат районунун Нышанов мектебинде билим деңгээли жогорулоодо. Зоналык олимпиададан беш окуучу биринчи орунду камсыз кылган.
Зонадан биринчи орунду алган окуучулар, химиядан Орозмамат кызы Сыймык, орус тилинен Куштарбек кызы Айкөкүл, физикадан Акимжан кызы Анара менен Салимжан кызы Айнагүл, кыргыз тилден Абдиламит кызы Дилнура, информатикадан Курсантбек кызы Аймончок, тарыхтан Адилбек уулу Мустафа.
Адилбек уулу Мустафа 8-9-декабрь күндөрү өткөн зоналык олимпиадада 1-орунду багындырды.
Мустафа Адилбек уулунун айтымында, 1-орунду багындыруу кыйын болгон.
«Бирок көп окугандык натыйжасын берди», — дейт Мустафа Адилбек уулу.
Тарых мугалими Айтигүл Абдибалиева бул олимпиадага көп даярдандык дейт.
«Көп учурда түштөн кийин даярдык катуу болуп жатты. Олимпиададан чыккандан кийин толкунданып жаттык», — дейт Айтигүл Абдибалиева.
Даярдаган: Нуриза Калил кызы
Сынак үчүн