1. Семинарда кандай темада иш чара өттүңүз жана анын максаты?
2. Бул кружоктук ишпи? Крудоктук иш болсо уюшулганына канча болду жана мындан ары ишин улантабы?
3. Ар бир окуучунун жүрөгүнөн орун алыш үчүн эмне кылыш керек?
4. Адамды ийгиликке алып баруучу жолдор?
Орус тил мугалими Капарова Расида жана Ибраимов Кубаныч:
1. Семинарда орус тилинин «Люрус» жана дене тарбия сабагынын шашки-шахмат кружогун бириктирип «Викторина – шашки» аттуу таймаш өттүк. Максатыбыз: окуучуларды шашки ойноого жана орус тилинде сүйлөөгө кызыктыруу. Мында окуучуларга суроолор шахматтын талаасына ылайыкталып түзүлгөн. Жооп берип гана тим болбостон, шашкинин жүрүштөрүн атап ойношот. Сабактар көбүнчө оюн түрүндө өткөрүлгөндүктөн 5-7-класстын окуучулары тандалып алынган.
2. Ооба, бул кружок жаңы түзүлдү. Албетте мындан ары да ишин улантат.
3. Ар бир окуучунун жүрөгүнөн орун алыш үчүн, өз ишиңди сүйүп, баардык нерсени өз учурунда жазап, эң негизгиси балдарга колдон келсе күнүнө кызыктуу сабактарды өтүү керек деп ойлойм.
4. Адам өз ишине жоопкерчилик менен мамиле жазаса эле ийгиликке жетишет деп айта алам.
Кыргыз тили жана адабияты мугалими Жумагулова Гүлмира:
1. “Манас” таануу кружогун өттүм. Биздин максатыбыз өзүбүздүн болгон ишибизди жайылтуу, көргөзүү.Семинардагылар биз күтпөгөндөй ой пикирлерин айтып кетишиптир. “Манасты” окуп алгандан кийин муну тыштай албайт экенсиң. Окугуң келип эле турат экен.
2. Ийримдин түзүлгөнүнө 5-6 жыл болуп калды. Мен мурун “Манастын” сюжетине көп кайрылбай “Манас” боюнча кошумча материалдарга басым жасачумун. Көрсө сюжетин окутуш керек экен. Академиялык басылыш чыккандан кийин анан илимий көз карашта караш керек экендигин түшүндүм. Буюрса улантабыз, балдардын баарын окута берүү эмес, ар бир ийримдин мүчөсүн сапаттуу окутуп чыгууну өзүмө талап кылып келем.
3. Бала менен бала болуш керек. Муштумдун ачып-жумганындай караш керек. Бир убакта баарын муштумдун ичинде кармап, бир убакта ачыш керек. Кечке эле муштумдун ичине кармай берген болбойт. Балага тартип, тарбия, билимди бирдей бериш керек. Көңүлүн сындырып албай мамиле жазасаң жүрөгүнөн орун табасың.
4. Талыкпаган эмгек, көп окуу. Өмүр боюу окуган адамдар бар. Мисалы К.Тыныстанов эки эле саат уктачу экен. Ньютондон да ийгилигинин сырын сураганда, “Билбейм сырын, бирок эки эле саат уктайм”,- деп айткан экен. Ошол сыңары кээде бош жүргөн, пайдасыз нерселер менен алышып жүргөн балдарды көрүп кейийм. Ийгиликтин дагы бир жолу убакытты туура пайдалана билүү.
Химия мугалими Миназарова Айнура, лобарант Мурсалиева Бурулсун:
1. Семинарда “От химиялык кубулуш” деген темада “Жаш медик” кружогунун негизинде иш чара өттүк. Максатыбыз химия предметинде окуучулардын теория жана практиканы айкалыштыруусун, турмуштук көндүмдөрүн калыптандыруу. Милдетибиз кесипке багыт берүү, турмушта колдоно алуусуна шарт түзүү. Окуучуларга алгачкы медициналык түшүнүк берүү.
2. “Жаш медик” интеграцияланган кружогу төрт жылдан бери иштеп келе жатат. Мындан ары да өзгөрүүлөрдү киргизип, улантсак деген оюубуз бар.
3. Окуучулардын жүрөгүнөн орун алыш үчүн мүмкүн болушунча жакшы сабак өтүү, балдар менен тил табышуу, алардын жан дүйнөсүн түшүнө билүү керек деп ойлойм 4. Талыкпаган эмгек, аракет, изденүү бул-ийгиликке алып баруучу жолдор.
Аскерге чейинки даярдоо мугалими Кайыпов Бакыт:
1. “Ок атуу” ийриминин программасы жөнүндө кенен тааныштырдым. Балдар бул ийримде алган көндүмдөрүн көрсөтүп беришти. Максаты ийримдин ишин жалпы райондогу мектептерге жайылтуу.
2. Ийрим экинчи жылы иштеп жатат. Эгер демөөрчүлөр болсо улантып, башка дагы программаларды кошууну пландап жатабыз.
3. Окуучунуну жүрөгүнөн орун алыш үчүн ар бирине өз балаңдай мамиле кылыш керек.
4. Ийгиликке алып баруучу жолдор жоопкерчилик жана талыкпас эмгек.
Китепканачы Аскарова Гүлмира, соц. педагог Кадыркулова Гүлзат, тарбия иштери боюнча директордун орун басары Токтоналиева Элизат.
1. «Тарбия башаты – үй-бүлө» деген темада кече-таймаш өттүк. Максатыбыз: Ата-энелер көпчүлүк учурда балдарды мектеп тарбиялайт деп эсептешет эмеспи. Ошол себептен тарбиянын негизги өзөгү үй-бүлө экенин белгилей кеткибиз келди. Жети осуяттын негизинде ар бир үй-бүлө балдарына татыктуу тарбия берсе, ата-эне, мектеп, окуучунун байланышы бекемдейт деген идеяны алып чыктык.
2. Жок бул кружоктук иш эмес.
Гүлмира эже: 3. Мугалим окуучунун жүрөгүнөн орун алыш үчүн талыкпаган эмгекчил, жөнөкөй, түшүнүктүү, жан дүйнөсүнүн жаратын билгизбей айыктырган дарыгердей болуусу зарыл деп ойлойм.
4. Адамды талыкпаган эмгек, өз кесибин чындап сүйүү гана ийгиликке алып барат.
Гүлзат: 3. Ар бир баланын оюн угуп, ага дос катары мамиледе болуш керек. Канчалык бала менен сырдаш болсоң, бала да сага ачылып, оюн эркин айта алат. Баланын жан дүйнөсү жазыла элек ак барактай таза, тунук болот. Ошондуктан ар бир баланын оюн жүрөгүм менен угуп мамиле жазайм.
4. Сөз – үрөн, иш-мөмө дегендей адам талыкпай эмгектениш керек. Изденип, чыгармачылык менен иштесе, ошонун үзүрүн көрөт. Биздин ар бир жакшылыкка, алдыга умтулууга тынымсыз изденген кадамыбыз өзүнчө эле ийгилик болуп эсептелинет.
Элизат: 3. Биз «педагог» деген бийик атты алып жүргөндүктөн эң биринчи ирээтте татыктуу инсан болушубуз керек. Мугалим жан дүйнөсүнүн тазалыгы, мээримдүү жана чыдамкайлыгы менен ар бир окуучунун жүрөгүнөн түнөк таба алат. Себеби өзүнүн кадыр-баркын сактоо менен ар бир окуучунун психологиялык өзгөчөлүгүн эске алып, конфликтик кырдаалдан чыга билүүсү зарыл. Муну менен мен ар бир өспүрүм -бул кайталангыс жан экендигин айткым келди.
4. Адамды ийгиликке алып баруучу бир эле жол бар. Ал – талыкпаган эмгек. Муну бардык эле адамдар билишет, бирок баары эле аткара бербейт.
Математика мугалими Асанбекова Айпери, информатика мугалими Сатарова Гүлзада:
1. Семинарда “Акыл ордо” интеллектуалдык таймашын өткөрдүк.Максаты окуучулардын логикалык ойлоосун өсүрүү, математика, информатика, физика предметтерине болгон кызыгуусун арттыруу менен интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу.
2. Жок бул кружок эмес, предметтик иш чара. Мындай “Акыл ордо” сынагын чейрек сайын өткөрүп турабыз.
3. Ар бир сабакта ар бир окуучуга көңүл бөлүп, ар бири менен пикир алышуу жакшы натыйжаларга алып келет. Эгерде сабак окуучунун эсинде түбөлүк калгыдай болсо. Окуучу мугалимди гана жакшы көрбөстөн, ал берген сабакты да сүйүп окуйт. 4. Ийгилике барчу жолдор татаал жана кууш, тар жана тайгак, өр жана узак.Ушул жолдордон өтүү үчүн адамдар темирдей бекем эрк, талыкпаган эмгек, изденүүчүлүк жана сабырдуулук керек деп ойлойбуз.
Англис тили мугалими Рахматова Наргиза:
1. Семинарда «Гүлала» аттуу жомогун англис тилинде кыргызча котормосу менен 6-в класстын окуучулары болуп алып бардык. Сценка ар бир каарманга жараша музыка менен коштолуп, окуучулар жогорку аткаруучулук таланттын көрсөтө алышты. Максаты окуучулардын сүйлөө речин жогорулатуу.
2. Келечекте кайсы бир кесиптин ээси болбосун англис тили дайыма керек болот. Азырынча окуучулардын деңгээлине жана жашына ылайык аудио жана видео материалдарды топтоп жатам. Буюрса «Агахан» менен биргелешкен чоң кружок ачайын деген аракеттемин.
3. Менимче бүткүл жан дүйнөсү, артистизми менен сабагын өтүп, бир эле учурда окуучуга дос да, ошол эле учурда талабы күчтүү болгон мугалимди окуучулар жүрөгү менен жактырса керек.
4. Эмгек, бүтпөгөн аракет анан өжөрлүк ийгиликтин жолун көрсөтөт.
Даярдаган: Курманова Мунар.