2015-жылдын 11-авгусунда Барскоон айылында элдик курултай болуп өттү.
« Эгер, сен кыргыз болсоӊ, келгин да үнүӊдү кош…» деген уран менен 1916-жылдагы окуя (Үркүнгө) курултай өттү.
1916-жылы кыргыздар орус падышачылыгын баскынчылык колониялдык саясатына каршы улуттук боштондук көтөрүлүшкө чыккан. Кыргыз –кыргыз болгону башынан нечендеген оор күндөрдү, мына-мына кыргыз тукуму түгөнөт дегенде, кайра түтөп, хандыкты түзүп, көчмөн турмуштун оома-төкмө турмуштун кылымдап кечирип келүүдө.
Алгач, кандуу окуяда курман болгондорго куран окуу менен башталды. Үркүнгө арналган курултайдын жүрүшүндө 17 боз үй тигилип, Бишкек шаарынан, Ош обулусунан жана Тоӊ райондорунан коноктор болду. Мындан сырткары үркүндүн 100-жылдыгына арналган «Үркүн 100-жылдан кийин» аттуу китебида жарык көрдү. 2016-жылы аталган курултай мамилекеттик деӊгээлде өткөрүлөөрүн Шаршенбек Турсунбаев өз маегинде билдирди:
«Бул иш-чара өзүӊөр билесинер 1916- жылкы үркүн. Мындан мурун эч белгиленген эмес. Эгемендүүлүк алгандан бери 2006-жылы 90-жылдык болгон. Анда дагы ушул жерге белгилеп, Бедел ашуусуна ошол жерден сөөктөрдү чогултуп, көмүп келип, куран окуп, коюп келгенбиз. Анан бул деле ошондой 100-жылдык. Муну эл билиш керек. Үркүн кандай болгон, канча элибизден ажырганбыз, эмне себептен үркөн, ушулардын баарын элибиз билиши керек. Элден патриоттор чыгып, моминтип көтөрүп, өкмөт жардам берип, улуксаат берди. Мунун бары арбактар үчүн. Эӊ аз дегенде кыргыздардан150 000 адам каза болгон экен. Эмгиче алар каза болбогондо 15 млн эл болмок. Арбактарга таазим кылалы. Арбактар ыраазы болсо, тирүүлөрдүн иши жүрөт деген ой- максат менен жакшылыктарды уюштуруп жатабыз. Биз, Азымбек Бекназаров жана 90-жылдыкты дагы «Асаба» партиясы баштап, сөөктү жашырып келгенбиз. 2016-жылы, 100-жылдыкты мамилекеттик деӊгээлде өтөт. Азыр бул түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Элдерге видеосун көрсөтөт. Матеаралдык сүрөттөр илинип турат. Көрүп элдер түшүнүш керек. Уюштуруп жаткан патриот адамдарга ырахматыбызды айтабыз.»
Осмонкул Бердиматов Тоӊ районунан келген мейман. Бул окуя тарыхта
калгандыгын жана эч качан өчпөс экендигин, урпактарга каларын өз сөзүндө билдирип кетти:
« Үркүндүн 100-жылдыгы келе жатат. Бул биздин тарыхыбызда ушул жакка өттүп кеткен ата-бабаларыбызга куран окуттулуп жатыптыр. Биз дагы келдик. Тарыхы жок эл болбойт экен. Биз үркүндү эч качан унутпашыбыз керек. Эртеӊки бизден кийинкиге дагы айтып жеткиришибиз керек. Ошо биз дагы чогу бата кылып, куран окуттуп кетели деген ой менен келдик.»
Курултай мыкты деӊгээлде уюшулгандыгын жана курултайга келген адамдар ыраазы экендигинөз сөзүндө Барскоон айылынын тургуну Жибек Жаркынбаева билдирди:
« Ата-бабаларды эскерген журтубузга рахмат. Арбактары ыраазы болушсун. Чогу бир жерге көмүлгөн. Биздин аябай ичибизди оортат. Ата-бабаларыбыз тирүү болсо, небере-чөбүрөлөрүн жыттап, уул-кыздарынын чайын ичип, рахаттанынып төрдө отурат эле. Ата-бабаларыбыздын арбактары ыраазы болушсун. Жаткан жери жайлуу болушсун, топурактары торко болушсун. Уюштурган жетекчилерге чоӊ ырахмат.»
Мына ошондой дагы такталып, мамилекеттик саясий идеологиядан арылып бир гана кыргыз тарых барактарында гана эмес, дүйнөлүк тарых беттеринде да объективтүү, ар тараптуу изилденип, такталап, илимий-тарыхый өз ордун таба турган окуяларга 1916-жылкы Орто Азия элдеринин улуттук-боштондук көтөрүлүшү кирет.
Даярдаган: Асель Асанова,
Эрлан Абласов.