Россиянын Саха Республикасындагы Якутск шаарынын Кулаковский атындагы маданият үйүндө «Этно — краса» конкурсу болуп өттү. Кыргызстандын атынан Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл — Туу айылынын тургуну Анарбекова Заида катышты.

Конкурска 16 улуттун кыздары катышышты. «Конкурс 4 этапдан турду , 1 — этап -улуттук тамак — аш , 2 — этап — өзүн таныштыруу , 3 — этап — өз улутубуздун каада — салтын, үрп адатын жана өзүбүздүн талантыбызды , 4 — этап — улуттук кийимди көргөздүк. Мен үчүнчү орунду алдым, биринчи орунду Анастасия Кириллина эвенкий улутунан алды»- деп билдирди Заида.
Бардык конкурска катышкан кыздар өз улутунун маданиятын жана каада — салтын ачып бергенге аракет кылышты. Конкурстун максаты көп улуттун ынтымагын сактоо болуп саналат.
Даярдаган: Нурматова Айсулуу