Бүгүн 25-октябрь Исхак Раззаковдун туулган күнүнө карата Сүлүктүдөгү гимназияда эскерүү аземи болуп өттү. «Аземди тарых мугалимдери Гульнара Карабаева менен Гүлжан Мавлянова уюштуруп өткөрдү. Даярдык мыкты болгондуктан окуучулар кызыгуу менен катышты»- деп маалымат берди аталган окуу жайынын уюштуруучусу Бермет Абдурахманова. Эскерүү учурунда гимназисттер өздөрү даярдаган илимий негиздеги баяндамаларды жасады.
Кабарчы: Нүргүл ХАЛЖИГИТОВА