Баткен Мамлекеттик Университетинде институттар жана колледждер арасында 17-ноябрь күнү достук фестивалы болуп өттү. Фестивалдын максаты жаштардын талантын өркүндөтүү менен улуттар аралык достукту чыңдоо.
Фестивалда жаштар улуттар аралык достукту көрсөтүү менен кыргыз элинин каада-салтын, үрп-адатын көрсөтүштү. Кыргыздын улуттук аспаптарында ойноп, өнөрлөрүн тартуулашты. Сынактын жыйынтыгында Сүлүктү педагогикалык колледжи 1-орунга, БатМУнун институту 2-орунга, Кызыл-Кыя педагогикалык колледжи 3-орунга ээ болушту.
Фестивал жүрүп жаткан учурда Сүлүктү педагогикалык колледжинин студенткасы Садридин кызы Гүлмиранын пикирин сурап өттүк.
«Фестивал мен учун аябай жогорку деңгээлде өттү. Мага бул иш-чарада чек арадагы көрүнүштөр даана чагылдырылып, жаштарды ынтымакка үндөлгөнү жакты»,- деди Гүлмира.
Ийгиликти багынткан окуу жайларга сыйлыктар жана дипломдор ыйгарылды.
Даярдаган: Перизат Ташова