Улуу Ата-мекендик согуш жылдарында оорукта-тылда эмгек кылгандардын да Жеңишти камсыз кылууга салымы чоң болгондуктан, Согуштун Ардагерлеринин катарында куттуктап жатат.

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Сүлүктү шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Исмаилов Каныбек Арзибекович өздүк каражатынан 1941-1945 жылдары эмгектенген ооруктун 5 ардагеринен үйүнөн барып кабар алды.

Сүлүктү шаарында ооруктун 5 ардагери бар:
Кирасирова Закия 1927- жылы туулган.
Акимбеков Азираткул 1930-жылы туулган.
Джангибаева Майрам 1931-жылы туулган
Пазылова Мария 1932-жылы туулган
Карабаева Жамал 1935-жылы туулган.

Төрага баш болуп Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Б.Абдраимов, шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын адиси К.Маматов менен биргеликте карыялардын абалы менен таанышып, ар бирине 1000 сомдон акчалай, 500 сомдук азык-түлүк баштыкчаларын тапшырып, ардагерлерге алкыштарын айтып, көңүлдөрүн көтөрүштү. Ыраазы болгон карыялар, абал сурап кабар алган азаматтарга өз дубаларын беришти.


Бүсара Ражабалиева, Барчынай Алимова