Албетте, кыргыз эли илгертетен Нооруз майрамында кандай кана салт тутуп келген шаан-шөкөттөр болбосун алардын арасынан сүмөлөк бышыруу да бул кыргыз элинин Нооруз майрамына карата даярдыгынын бири. Мына эмесе Талас шаарындагы Майрам- Апа нан жасоочу кампасы Ноорузга карата Талас эли үчүн сүмөлөк бышырып элге таратууда, жана кененирээк маалыматты Майрам – апа нан жасоочу кампанын мүдүрү Майрам- Апанын айтымында.
Биз сүмөлөктү бышырып элге бекер таратабыз. Негизинен эле кыргыз эли илгертеден эле Нооруз майрамында сүмөлөк бышырып баардык эл менен бөлүшүп, баардыгы ыраазы болгудай таратып берүү. Бул сүмөлөк кечки саат он эиде кайнап,эми саат үчтө демдесек кудай буюрса таңкы сат сегизде даяр болот.
Албетте ар бир майрамдын, көбүнчө кызыктыруучу, же бир четинен илгерки кыргыз элинин жашоо- турмушун элестетүүчү таасири бар эмеспи. Ал эми бүгүнкү күндө Нооруз майрамынын урматына ушундай ширин даамдар жасалып деги эле бүткүл кыргыз элинде нандын жыты жыттанган сымал.
Даярдаган: Ботукеев Зоотбек, Толгонай Тимурова