Нарын районуна караштуу Учкун айылында кыш мезгили жылдагыга караганда быйыл жылуу. Кыштын кереметтүү көрүнүштөрүн сүрөт баян менен сунуштайбыз.
Майрам Бейшеналиева көбүнчө ага кыш мезгили эгер жылуу болсо, ошонусу менен жагарын айтты:
-«Мага кыш мезгили аппак кардай аруулукту алып келгендиги, айланага көз чаптырсаң бардык жер таптаза, аппак. Илгери Үркүн болгондо кыргыздар Кытайга качканда, кыштын ызгаарына, кыштын заарына чыдай албай көбү каза тапкан. Азыр болсо, кыш деле өзүнүн маанисин жоготуп бараткандай».
Даярдагандар: Айжамал Рысбек кызы, Бегимай Бекмуратова, Жанара Асанкул кызы