Нарын шаарындагы Курманжан Датка аталышындагы кыздар жатаканасы 2014-жылы ишке берилген. Жатаканадагы мык жана жиптен жасалган КРнын символикасы жөнүндө сүрөт баянга көңүлүңүздөрдү бурабыз.
Нарын медициналык колледжинин экинчи курсунун студенти Айпери Замирбекова биздин кабарчыларга мыктан жасалган желек тууралуу мындайча баяндап берди:
Айперинин айтымында желек жасоого 1500-2000 сом акча сарпталган.
Ага мык, эки түстүү жип алынган жана Курманжан Датка жатаканасынын ар бир кызы 100сомдон чогултуп көмөктөшкөн. Буга дээрлик 4 күн кеткен.
Жыйынтыгында жазалган желек менен атайын Нарын шаарындагы факультеттеринин ортосунда мелдеш уюштурулуп, Курманжан Датка жатаканасынын кыздары биринчи орунга ээ болушкан.
Негизи бул жасалганын идеясы кыздар жатаканасынын орун басары болгон Даткайым Арууновага таандык.
Учурда бул эмгек кыздар жатаканасынын көзгө басар жерине илинип, кооздук тартулоодо.
Желек ортосунда сары калың жип менен оролуп, чекесине «Нарын» деген сөз жазылган.
Айперинин айтымында бул жасалгага окшош дагы башка кызыктуу, өзгөчө жасалга жасаарын билдирди.
Айпери Замирбекова кимден үйрөнүп жасаган, каяктан үйрөнгөндүгү тууралуу төмөндөгүдөй билдирди:
«Бул желекти жасоо идеясы Аруунова Даткайым эжеге таандык. Өзү эле үйрөнүп анан бизге үйрөткөн. Акча чогулттук, керектүү материалдарды алдык», -дейт 2-курстун студенти.
Даярдаган: Алиаскарова Бегимай