Былтыр Ак-Талаа районуна 100 га аянтка сафлор өсүмдүгү айдалган. Анын ичинен Баетов айылында 20 га аянтка айдалып, чабуу убактысы жакынап калды. Айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаев быйыл бир аз кечирек айдалып калганын айтты.
«Азыр быша элек. Дагы бир айдай убакыт малдан коруп, карайбыз. Өсүмү жакшы, буюрса түшүмгө карап кийинки жылы аянтын көбөйтсөкпү деп турабыз»,- дейт.
Барчын Мамытбекова