Республика боюнча Санарип академиясы тарабынан уюшулган «Санарип мугалим-Дубай 3» сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, мыктылары аныкталды. Сынакка жети облустун мугалимдери катышып, беш мугалим Дубайга, он мугалим Ташкентке, он мугалим Ысык-Көлгө жолдомо утуп алышты.
Сынак үч этапта өткөрүлүп, ага 360дан ашуун мугалимдер катышышкан. Биринчи этабында мугалимдер санарип технологияларды колдонуп ачык сабак өтүшсө, экинчи этабы Григорий Петровдун «Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы» китеби боюнча онлайн тест тапшыруу менен аяктаган. Ал эми үчүнчү этабында катышуучулар окуучулар менен биргеликте экскурсия сабак өтүү тапшырмасы берилген.
Нарын облусунун Нарын районунун Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин мугалими Акылай Алмазбекова сынакка катышып, Ардак грамота, Санарип мугалим төш белгиси жана күбөлүгү менен сыйланды.

Акылай Алмазбекова
Замандын талабына ылайык мугалим универсалдуу болуу керектигин Акылай Алмазбекованын иши тастыктайт. Ал информатика, орус тили жана адабияты сабагынын мугалими, Азиядагы Америка университетинин Билим берүү институтунун Насаатчыларды даярдоо программасынын алкагында Нарын райондук информатика мугалимдеринин ментору, «Мезгил жаңырыгы» коомдук фондунун уюштуруучусу Оттук, Казан-Куйган айылындагы «Усупбекстан» жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси.
Акылай Алмазбекова 2017-жылдан бери аталган мектепте информатика сабагын берип келет. Ал мындай сынакка алгачкы жолу катышып жаткандыгын айтат:
«Бул сынакка катышуу мага чоң ийгиликтерди алып келди. Жаңы санарип технологияларды колдонууну үйрөнүү менен эффективдүү сабак өтүүнүн жолдорун биле алдым. Чындыгында эмгек жолумда мындай сынакка алгачкы жолу катыштым. Жаш мугалим катары мугалимдик кесип нары түйшүктүктүү, нары ардактуу кесип экенине ынануу менен мугалимдин алдында эң чоң жоопкерчилик тураарын сездим. Татыктуу келечек муундарын тарбиялоо үчун мугалим өмүр бою чыгармачылык жана изденүүчүлүк менен иштөөсү керектигине ынандым».

Сыйлоо аземи
Бишкек шаарындагы сыйлоо аземине Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облусунун мугалимдери катышышты. Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун мугалимдерин сыйлоо аземи Ош мамлекеттик университетинде өткөрүлдү.
Наиля Жанарбек кызы