Санариптештирүүдө турак жайлардын мамлекеттик актысы жок болсо, жөлөк пул ала албай калат. Анткени жөлөк пулду чегерүү үчүн жарандын туруктуу жашаган үйүнүн жашоо шартын изилдөө керек.
Санариптештирүү — бул маалыматтарды электрондук форматка өткөрүү, же жалпак тил менен айтканда, маалыматтарды сактоо, ирээттөө, эсептөө, алмашуу жана көбөйтүп таркатууну жеңилдетүү, тездетүү үчүн аларды компьютердин «тилине» өткөрүү дегенди билдирет.
Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагында жалпы калкты санариптештирүүдөн өткөрүп жаткан Могол айыл аймагынын башчысынын орун басары Бактыгүл Алыбаева калтын суроолоруна түз эфирде жооп берди. Түз эфирдеги айрым суроолордун жоопторун окуңуз:
Гүлназ Камбарали кызы