Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сары-Булуң айылынын Нур жамаатынын кунөсканасы ишке кирди. Күнөсканада жашылча өсүмдүктүн түрлөрү өстүрүлүп жатат.
«Нур» жамаатынын мүчөсү Зина Жапакулованын айтымында, айыл жамааттарга бөлүнүп иштеп жатышат, өсүмдүктөр да жакшы кам көрүүнү талап кылат деп билдирди.
“Биздин айыл жамаат болуп бөлүнүп иш- аракетин кылып жатышат. Биздин жамаатта 10-18 түтүн бар, азыркы убакта күнөскана курулуп жашылча- жемиштер отургузулуп жатат. 40%и кык болсо 30%и кум, калганы топурак болот,”- деп билдирди Зина Жапакулова.
«Нур» жамаатынын мүчөсү Жолдошбек Акимбаевдин айтымында, «Тамыр» уюумунун башчысы демилгечи болду дейт ал маегинде.
“Кез- кез менен айылда чогулуш болуп турат. Чогулушта жемиштерди өстүрүүнү үйрөтүп, күнөскананын температурасы текшерилип турат. Андан сырткары, семинарлар өтүлүп, жашылча жемиштерди өстүрүү тууралуу кеп- кеңештерди алабыз,”- дейт.
Даярдагандар: Шаршенкулова Элнура, Турсунбекова Гүлзар, Үсөнова Алия