Бүгүн Кыргыз эли үчүн өзгөчө №17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде оор жоготуу болду.
№17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебине аты коюлган Улуу инсан Сатыбалды Далбаев дүйнөдөн өттү.
Аты коюлган мектеп эртең менен аза күтүү күнү деп, окуучулар менен эскерүү күнүн өткөрдү.
«Сатыке аябай ак көңүл, боорукер, асыл инсан эле. Ал дайыма аты коюлган мектептен кабар алып, жылда келчү. Мына быйыл 25-май акыркы коңгуроодо келе албайт. Бирок биздин жүрөгүбүздө дайыма сакталат,»-деп эскерди Полот Тиркешов.
«Сатыбалды Далбаев биз үчүн улуу инсан. Бизге жаркыраган мектепти курууга чоң салым кошкон. Мектепке аты коюлгандан бери 2001-жылдан баштап, ар жылы мектепке келип, окуучулар менен жолугушуп, белектерин алып, стипендияларын берчү агайыбыз дүйнөдөн өттү. Сатыбалды агабыз түбөлүккө биздин жүрөгүбүздө сакталат,»- деди мектептин директору Давлет Омурзакова.

«Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан улуу инсан, бир канча ролдорду мыкты аткарган ошолордун арасында Лениндин да ролун жеткире аткарган актер агабыз дүйнөдөн өтүп, оор жоготууга учурап отурабыз. Келечекте агабыздын жолун жолдогон, агабыздын атын өчүрбөгөн чыгаан уулдарыбыз чыгат деп ишенем,»-деди математика мугалими Талипов Эмил.
«Чон атам аябай адамгерчиликтүү, боорукер эле. Ооруп жатканда да мектепти сурап, окуучуларды, акыркы коңгуроону бүтүрүүчүлөр боюнча маалымат алып, быйыл да барам, жакшы окуган окуучуларга степендияны алып барып беришим керек деди эле. Чоң атам айткан максатына жетпей, оорудан улам бул дүйнөдөн кайтты. Киндик каны тамган Ооган-Талаа айылынын жашоочуларынын, мугалимдердин, окуучулардын элесинде дайыма сакталат,»-деп эскерди келини Кадырова Фарида.
Сатыбалды Далбаевдин жаркын элеси дайыма биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Жаткан жериңиз жайлуу болсун, кош болуңуз Сатыбалды ага!
Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ