Депутаттардын Сулукту шаардык кенешинин сессиясынын ХVII отурумунун (бешинчи чакырылышы).
ТОКТОМУ
Сулукту шаары № 103 27 октябрь 2015-ж
“Сулукту шаарынын муниципалдык
менчик болуму жөнүндө” Жобо.
Сунушталган “Сулукту шаарынын муниципалдык менчик болуму жөнүндө” Жобонун долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алып Сулукту шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Сулукту шаарынын муниципалдык менчик болуму жөнүндө” Жобо толуктоолор жана озгортуулор менен кабыл алынсын (Жобо тиркелет).
2.Сулукту шаардык Кенешинин 2004-жылдын 19-февралындагы № 175 токтому күчүн жоготту деп саналсын.
3.Бул токтомдун Баткен областык Адилет башкармалыгынан каттоодон откорулушун камсыз кылуу жагы шаардык кенештин жооптуу катчысы М.Джураевага тапшырылсын
4.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга көзөмөлдоо жагы Сулукту шаардык Кеңешинин муниципиалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Шаардык кенештин торагасы: К.Исмаилов
Сулукту шаардык кеңешинин
27 октябрь 2015-жылкы №103 токтомуна тиркеме
Сулукту шаарынын муниципалдык менчик
болуму(ММБ) жөнүндө Жобо
I. Жалпы жоболор
II. ММБнун негизги милдеттери
III. ММБнун функциялары
IV. ММБнун ишин башкаруу жана уюштуруу
V. ММБнун ишмердүүлүгүн каржылоо жана отчеттуулугу
VI. ММБнун материалдык сыйлоо фонду
VII. ММБун жоюу жана кайра түзүү
I. Жалпы жоболор
1.1.Сулукту шаарынын муниципалдык менчик болуму (мындан ары-ММБ), шаардын муниципалдык менчигин башкаруудагы стратегиялык мамилени иштеп чыгууда жана ушул менчикти каржылоого жана кармоого карата тиешелүү саясатты кабыл алууда, муниципалдык менчик боюнча маалымат базасын камтуу менен, сарамжалдуу пайдалануу үчүн зарыл маалыматтарды көзөмөлдөөгө көмөк көрсөтүүдө, Сулукту шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун колдогон мэриянын түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
1.2.ММБ өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мүлккө муниципиалдык менчик жөнүндө, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө” мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
Болум уюштуруучулук-укуктук формадагы “Мекеме” болуп, юридикалык жак болуп эсептелет, өз алдынча теңдеми жана банк мекемелеринде эсеби, бюджеттик эсеби, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Герби тартылган мамлекеттик жана расмий тилдеги өз аталышы менен тегерек мөөрү, ошондой эле штампы, бланктары жана башка кабыл алынган реквизиттери бар. Сотто доогер жана жоопкер боло алат.
1.3.Расмий аталышы
мамлекеттик тилде: “Сулукту шаардык муниципалдык менчик болуму”,
(ММБ);
расмий тилде: “Отдел муниципальной собственности города Сулюкта”,
(ОМС) .
1.4.ММБдун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Баткен областы, Сулукту шаары, Раззаков көчөсү №1.
1.5.ММБ өз ишмердүүлүгүндө Сулукту шаардык кенешинин депутаттарынын сессияларында жана шаардык мэриянын алдында отчет берет. ММБдун ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү Сулукту шаардык мэриясы жүргүзөт.
1.6. ММБдун кызматкерлери муниципалдык кызматчылар болуп эсептелишет.
1.7.ММБ өз ыйгарым укуктарынын алкагында, Сулукту шаарынын муниципиалдык менчик мүлкунун кызыкчылыктарын коргойт.
1.8.ММБ өз ишмердүүлүгүн башкаруунун жана бийликтин башка мамлекеттик органдары, өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле башка мекемелер, бирикмелер, ишканалар, уюмдар жана жарандар менен өз ара байланышта жүргүзөт.
II. ММБдун негизги милдеттери
2.1. ММБдун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
-Сулукту шаарынын муниципалдык менчигин башкаруу жана тейлөө;
-стратегиялык, ыкчам жана каржы пландарын, муниципалдык кыймылсыз мүлктү жана жер тилкелерин менчиктештирүү программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
-Сулукту шаарынын муниципалдык менчик объектилерин башкарууга жеке секторду тартуу;
-Сулукту шаарынын турак жай фондун натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу;
-маалымат базасын, анын ичинде электрондук базаны, кыймылсыз мүлктүн ар бир бирдигин, укук аныктоочу жана укук күбөлөндүрүүчү иштерди топтоп, такталган белгиленген чек аралар, техникалык документация менен архив ишин түзүүнү камсыздоо;
-Кыргыз Республикасынын белгиленген мыйзамдарына ылайык, Сулукту шаардык кыймылсыз мүлк укуктарына Мамлекеттик каттоону камсыздоо; -Сулукту шаарынын муниципалдык менчик объектилерин талаптагыдай каттоону жана реестр жүргүзүүнү уюштуруу;
-Сулукту шаарынын муниципалдык объектилерин жана жер тилкелерин акы төлөтүү менен жана акысыз жеке менчик укугуна же ижарага берүү тартибин иштеп чыгуу;
-Сулукту шаарынын муниципалдык менчигиндеги объектилерге талаптагыдай бухгалтердик эсепти жүргүзүүнү камсыздоо;
-Сулукту шаардык муниципалдык менчигин башкаруу жана тескөө чөйрөсүндө натыйжалуу келишимдерди жана каржылык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
-Сулукту шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик жана ченемдик эмес укуктук актыларын, мыйзам менен белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана Сулукту шаардык Кеңешине же Сулукту шаардык мэриясына кабыл алуу (бекитүү) үчүн берүү;
-жеке менчик турак уй куруу учун жер тилкесин болуп беруу, жер участкаларын сатуу, ижарага беруу, аукцион, конкурстарды откоруу боюнча комиссиялардын чечимдерин тоскоолдуксуз аткарууга алуу:
-шаардын тиешелүү комиссиясынын кароосуна функционалдык мааниси боюнча кыймылсыз мүлккө сунуштарды жана мүлктүк аныктамаларды даярдоо;
-Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” Мыйзамынын жоболоруна ылайык, сатып алуулардын процедурасын уюштуруу жана өткөрүү;
-сатып алуулардын максималдуу натыйжалуулугун жана үнөмдүүлүгүн камсыздоо;
— сатып алуулардын процедурасынын ачыктыгын камсыздоо;
— Сулукту шаарынын муниципалдык менчигин башкаруу жана тескөө менен байланышкан башка милдеттер.
III. ММБдун функциялары
3.1.ММБ өзүнө жүктөлгөн милдеттер менен төмөнкү функцияларды аткарат:
-Сулукту шаарынын муниципалдык менчигин сарамжалдуу пайдалануунун максаттуу жана комплекстик программаларын иштеп чыгат;
-Мамкаттоо жана архитектура органдары менен бирдикте, муниципалдык менчиктин жер тилкелерин жеке менчикке же ижарага берүү боюнча сунуштарын даярдайт;
-Сулукту шаарынын муниципалдык менчик объектилеринин реестрин жүргүзөт;
-өз компетенциясындагы муниципалдык менчик боюнча талаш-тартыштарды чечет;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кыймылсыз мүлккө жеке менчик укугун же ижарага берүү боюнча аукционду же конкурсту өткөрүүгө документацияны түзөт;
— кыймылсыз мүлктү түз сатуу жолу менен укуктарды берүүгө баалоону, документацияны даярдоону жана топтоону жүргүзүү;
-Сулукту шаардык муниципалдык менчигин сатып алуу-сатууга, алмаштырууга, ижарага берүүгө, акысыз өткөрүп берүүгө ж.б. келишимдерди түзүү;
-Сулукту шаардык муниципалдык менчигин ыкчам башкаруу же чарба жүргүзүү укугу бар мекемелер, ишканалар менен келишим түзүү;
— ээсиз калган кыймылсыз мүлктү Сулукту шаардык муниципалдык менчигине өткөрүп берүү боюнча зарыл документтерди топтоо жана иш-чараларды жүргүзүү;
-Сулукту шаардык турак жай комиссиясынын кароосуна зарыл документтерди даярдоо жана топтоо;
-турак жай шартын жакшыртууга муктаж жарандардын эсебин алуу жана каттоого коюу;
-мыйзам менен белгиленген тартипте,комиссиянын чечиминин негизинде, турак жай аянтына ордерлерди тариздөө жана берүү ;
-Сулукту шаарынын турак жай фондунун батирлерин менчиктештирүү боюнча иштерди комиссиянын чечими менен жүргүзүү;
-Сулукту шаарынын турак жай фондунун сакталышына жана максаттуу дайындалышына көзөмөл жүргүзүү;
-жеке турак үй куруу үчүн жер тилкесин алууга жарандарды каттоо учун шаардык кенеш тарабынан журнал жүргүзүү;
-мыйзам менен белгиленген тартипте, ММБго түшкөн жарандардын кайрылууларын кароо;
— Сулукту шаардык муниципалдык менчик объектилерин жыл сайын мүлк каттоодон өткөрүү;
-муниципалдык менчик объектилерин убактылуу пайдаланууга берүүнүн каржылык көрсөткүчтөрүн талдоо, тарифтердин түзүлүшүн жана иш жүзүндөгү кирешелерди жана чыгашаларды камтуу менен, белгиленген тартипте тарифтерди жана кыймылсыз мүлктүн ижара наркын түзөтүү боюнча сунуштарды киргизүү;
-ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сатып алуулардын планын натуралдык жана жалпыланган түрдө берүү;
-ар бир өткөрүлгөн тендерге сатып алуулар ыкмасын тандоону ишке ашыруу;
-ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен сатып алуулардын тандалган ыкмасын макулдашуу;
-сатып алуу процедурасын жүргүзүү боюнча тендердик документацияны жана башка документацияны иштеп чыгуу;
— жергиликтуу жана борбордук массалык маалымат каражаттарына алдыдагы соодалашуу жөнүндө жарыялоо;
-тендердик табыштамаларды берүү үчүн акыркы мөөнөттү белгилөө;
-сатып алуу процедурасынын катышуучулары менен кандайдыр бир маселелер боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
-сатып алуу процедурасын өткөрүү боюнча анын ачылышына чейин, кеңешмелерди, тендердик комиссиянын мүчөлөрүн нускамадан өткөрүү;
-ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сатып алуу процедурасынын протоколун берүү;
-сатып алуу процедурасына тиешелүү болгон тендердик документтерди чогултууну жана сактоону, жабдуучулардын (подрядчиктердин) табыштамаларын жана башка документацияны камсыздоо;
-муниципалдык менчикти бардык пайдалануучулары тарабынан, муниципалдык менчик объектилерин кармоо, колдонуу жана оңдоо боюнча келишимдик милдеттерди сактоосун талдоо жана көзөмөлдөө;
— муниципалдык менчикти башкаруу Концепциясынын, токтомдордун, жоболордун жана буйруктардын долбоорлорун, Сулукту шаардык муниципалдык менчигиндеги бош (эч нерсе курула элек) жер тилкелерин башкаруунун стратегиялык планын, Сулукту шаардык муниципалдык менчигиндеги объектилерди менчиктештирүү программасын иштеп чыгуу жана бекитүүгө Сулукту шаардык кеңешине жана Сулукту шаардык мэриясына берүү.
— шаардагы муниципиалдык жерлерге объект курууда шаар куруу кенешинин чечимдерин талап кылуу.
IV. ММБдун ишин башкаруу жана уюштуруу
4.1.ММБду ММБдун башчысы жетектейт, ал Сулукту шаардык Кенешинин депутаттарынын макулдугу менен Сулукту шаарынын мэри тарабынан кызматка бекитилет жана кызматтан бошотулат.
ММБдун башчысы:
— ММБдун ишин уюштурат, жеке башчылык принциптеринде аракет кылат, өз компетенциясынын чегинде, ММБдун ишмердүүлүгүнө тиешелүү бардык маселелерди өз алдынча чечет, ММБго жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жоопкерчиликти тартат;
-келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, ММБдун бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон, ММБдун ишмердүүлүгүн жөнгө салуу маселелери боюнча буйруктарды чыгарат, акча каражаттарын тейлейт, ММБдун мүлкүн башкарат;
-башка юридикалык жана жеке жактар менен болгон өз ара мамилелерде ММБдун атынан чыгат;
-кадрларды тандоо жана жайгаштыруу боюнча ишти уюштурат, ММБдо иштоочу кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кызматка дайындайт жана бошотот;
-кызматтык нускамаларды бекитет жана ММБдун кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзөт;
-ММБун штаттык бирдиги жана тузуму депутаттардын шаардык кенешинин сессияларында каралып, бекитилет.
-ММБун жумушчу кун тартиби Кыргыз Республикасынын тийиштуу мыйзамдарынын негизинде аныкталат;
-ММБнун кызматчыларынын эмгек акысынын олчомдору Кыргыз Республикасынын Окмотунун тийиштуу токтомдорунун ченеминде аныкталат;
-ММБун кызматчыларын сыйлоо эмгекке катышуунун коэффицентине ылайык ММБун башчысы тарабынан жургузулот:
-Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык, өзүнө баш ийген кызматчыларына карата тартиптик жазалоо чараларын жана сыйлоо чараларын көрөт;
-тийиштуу мыйзамдарга ылайык, ММБдо муниципалдык кызматты өтөө менен байланышкан маселелерди чечуу, анын ичинде кадрдык резервди түзүү, ММБдун кызматчыларын тандоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, белгиленген учурларда аттестацияларды, квалификациялык экзамендерди өткөрүү, класстык чендерди ыйгаруу, кызматтык эмгек акыга кошумча төлөмдөрдү белгилөө;
-белгиленген тартипте ММБдун кызматчыларын иш сапарга жөнөтүү маселелерин чечет;
-мыйзамга ылайык, ММБго бекитилген мүлктү жана каражаттарды тескейт;
-каржы документтерине кол коет, каржылык жана эсептик тартипти сактоону камсыздайт;
— ММБдун кызыкчылыктарын соттордо көрсөтөт, доогерге, жоопкерге жана үчүнчү жактарга, берилген бардык укуктар менен пайдаланат, анын ичинде ишеним кат боюнча тынчтык макулдашууларды түзөт;
V. ММБдун ишмердүүлүгүн каржылоо жана отчет берүү.
5.1.ММБдун ишмердүүлүгү, жергиликтүү бюджеттен жана Сулукту шаардык муниципалдык менчигин башкаруудан жана тескөөдөн алынган башка кирешелерден, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардан каржыланат;
5.2.ММБум белгиленген тартипте, жергиликтүү бюджетке кошуу үчүн өзүнүн чыгашалар сметасын түзөт жана Сулукту шаардык мэриясына берет. ММБдун чыгашалары, ушул Жободо каралган ММБдун милдеттерине ылайык пландаштырылат.
5.3.ММБум, квартал сайын Сулукту шаардык кенешке, шаардык мэрияга жана финансы бөлүмүнө, бухгалтердик теңдемди, ал эми жарым жылда жана жылдын жыйынтыгы боюнча- жыйынтыктоочу бухгалтердик теңдемди жана Сулукту шаардык муниципалдык менчигин башкаруунун жана тейлөөнүн жыйынтыктары жөнүндө отчетту берет.
5.4.ММБу Сулукту шаардык муниципалдык менчигин башкаруунун жана тейлөөнүн жыйынтыктары жөнүндө жылдык отчетту Сулукту шаардык Кеңешине берет.
VI. ММБду жоюу жана кайра түзүү
6,1. Кыргыз Республикасынын тийиштуу мыйзамдарынын негизинде ММБду кайра түзүү жана жоюу шаардык мэриянын сунушу менен шаардык кенештин сессиясында аныкталат.
Шаардык кенештин жооптуу катчысы: М.Джураева
Депутаттардын Сулукту шаардык кенешинин XVII сессиясынын отурумунун (бешинчи чакырылышы)
ТОКТОМУ
Сулукту шаары № 104 27.10. 2015-ж
«Сулукту шаардагы муниципиалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун беруунун тартиби жана шартары жонундо Жобосун бекитуу жонундо” Сулукту шаардык кенешинин 2012-жылдын 17-январындагы №135 токтомуна толуктоолорду жана озгортуулорду киргизуу жонундо.
«Сулукту шаардык муниципалдык менчигинде жайгашкан жер тилкелерди ижарага же кайтарымсыз менчике берүү укуктарынын шарттары жана тартиби жөнүндө» Жобону карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамдарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011ж. №571 «Муниципалдык менчигинде жайгашкан жер тилкелерди ижарага же кайтарымсыз менчике берүү укуктарынын шарттары жана тартиби жөнүндө Калыптык Жобону бекитүү жөнүндө» токтомун жетекчиликке алып Сулукту шаардык кенештин мыйзамдуулук, депутаттык этика жана жергиликтуу оз алдынча башкаруу жана муниципиалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиялардын чечиминин негизинде депутаттардын Сулукту шаардык кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
I. «Сулукту шаардык муниципалдык менчигинде жайгашкан жер тилкелерди ижарага же кайтарымсыз менчикке берүү укуктарынын шарттары жана тартиби жөнүндө Жобосуна томонкудой толуктооллор жана озгортуулор киргизилсин:
1.Жобонун аталышындагы “муниципиалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун” деген создор “муниципиалдык менчиктеги жер тилкелерин жеке менчик укугуна же ижарага акы толотуу менен” деген создор менен алмаштырылсын.
2. Жободогу “Тоорук” жана “Жер участоктору” деген создор “Соодалашуу” жана “Жер тилкелери” деген создор менен алмаштырылсын.
3. Жобонун I-болумунун 1-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине” деген создон кийин Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жонундо” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Мулкко муниципиалдык менчик жонундо”деген создор менен толукталсын.
4.Жобонун I-болумунун 2-пунктундагы “ыйгарым укуктуу орган ачык тоорукта” деген создор Муниципиалдык менчик болуму ачык соодалашууларда” деген создор менен алмаштырылсын.
5.Жобонун 2-болумунун акыркы пункту алынып салынсын.
6. Жобонун “Тооруктун жана туз сатуунун уюштуруучулары, катышуучулары жана предмети” деген 3-болуму “Соодалашуулардын жана туз сатуулардын предмети, уюштуруучулары,катышуучулары” деген создор менен алмаштырылсын.
7. Жобонун 3-болумунун 6-пунктундагы “Жер участогуна укукту беруу боюнча тоорукту ыйгарым укуктуу орган уюштурат” деген создор “Жер тилкесине укук беруу боюнча соодалашуунун уюштуруучулары болуп, шаардык мэрия эсептелет” деген создор менен алмаштырылсын.
8. Жобонун 3-болумунун 7-пунктундагы “Жер участокторуна укуктарды беруу прцессин ишке ашыруу учун ушул Жобого ылайык жерге укукту беруу боюнча комиссия (мындан ары –комиссия) тузулот” деген создор “Жер тилкелерине укуктарды беруу процессин ишке ашыруу учун, ушул Жобого ылайык, Сулукту шаардык курулуш жана жерди пайдаланууга укуктарды беруу боюнча комиссиясы тузулот” деген суйлом менен алмаштырылсын.
9. Жобонун 3-болумунун 7-пунктунун 2-пунктчасындагы “жергиликтуу оз алдынча башкаруунун аткаруучу органы” деген создон кийин “Сулукту шаардык кенешинин депутаттары”-деген суйлом киргизилсин
10. Жобонун “Жер частокторуна укуктарды беруунун озгочо шартары” жонундогу 4-болуму томонкудой редакцияда жаны текст менен алмаштырылсын:
11. Жер тилкесине ижара укугу, Сулукту шаардык курулуш жана жерди жерди пайдаланууга укуктарды беруу боюнча комиссиясы тарабынан жеке жана юридикалык жактарга (арыз берүүчүлөргө) түз сатуу жолу менен төмөнкү учурларда берилиши мүмкүн, эгер:
а) мурда мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жер тилкесинде, ушул адамдарга жеке менчик укугундагы имараттар жана курулмалар, анын ичинде курулушу бүтө элек объектилер жайгашкан болсо;
б) жер тилкеси эки жолу белгиленген тартипте ачык соодалашууга коюлуп жана ижарага берилбесе;
в) жер тилкеси, ушул адамдардын жеке менчик укугундагы имараттардын жана курулмалардын бир бөлүгүнө туташса (чектешсе), көрсөтүлгөн объектилерге кириш топту куруу үчүн, ыңгайлаштыруу же мурдагы объектинин аянтын кеңейтүү максатында кошумча курулуш жүргүзүү үчүн, эгер көрсөтүлгөн жер тилкеси кыймылсыз мүлктүн өз алдынча бирдиги катары түзүлбөсө жана мындай жер тилкесине укуктарды үчүнчү жактарга берүү, көрсөтүлгөн имараттардын жана курулмалардын менчик ээлеринин укуктарын бузууга алып келсе;
г) жер тилкеси, ушул адамдардын жеке менчик укугундагы имараттардын жана курулмалардын бир бөлүгүнө туташса (чектешсе) же көрсөтүлгөн имараттарга жана курулмаларга жакын жайгашса жана аларды тейлөө үчүн унаа токтотуучу жайды уюштуруу үчүн талап кылынса, эгер мындай жер тилкесине укуктарды үчүнчү жактарга берүү, көрсөтүлгөн имараттардын жана курулмалардын менчик ээлеринин укуктарын бузууга алып келсе.
12. Жер тилкесине укук Сулукту шаардык курулуш жана жерди жерди пайдаланууга укуктарды беруу боюнча комиссиясы тарабынан, жеке жана юридикалык жактарга (арыз берүүчүлөргө) түз сатуу жолу менен төмөнкү учурларда берилет, эгер:
а) мурда мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жер тилкесинде, ушул адамдарга жеке менчик укугундагы имараттар жана курулмалар, анын ичинде курулушу бүтө элек объектилер жайгашкан болсо;
б) жер тилкеси эки жолу белгиленген тартипте массалык маалымат каражаттарына жарыяланып, ачык соодалашууга коюлуп ижарага берилбесе;
в) жер тилкеси, ушул адамдардын жеке менчик укугундагы турак жай имаратынын короо-жай жер тилкесине туташса (чектешсе), мурдагы жер тилкесин кеңейтүү үчүн, эгер көрсөтүлгөн жер тилкеси кыймылсыз мүлктүн өз алдынча бирдиги катары түзүлбөсө жана мындай жер тилкесине укуктарды үчүнчү жактарга берүү, көрсөтүлгөн менчик ээлеринин укуктарын бузууга алып келсе.
Түз сатуу жолу менен жеке менчик укугун берүү, чектешкен жер тилкелеринин менчик ээлеринин жазуу түрүндөгү макулдуктарын алганда гана жүргүзүлөт.
Калктуу конуштардын жалпы пайдалануучу жерлери жеке менчикке берилбейт. Өзгөчө учурларда алар Сулукту шаардык курулуш жана жерди жерди пайдаланууга укуктарды беруу боюнча комиссиясы тарабынан, 5 жылга чейинки мөөнөткө убактылуу кыска мөөнөттүү пайдаланууга берилиши мүмкүн. Көрсөтүлгөн жерлерде жеңилдетилген түрдөгү курулуштарды жана курулмаларды тургузууга уруксат берилиши мүмкүн.
11. Жобонун 5-болумунун 14-пунктундагы “жер участокторду тузуудо ыйгарым укуктуу орган”-деген суйлом “Сулукту шаардык мэриясынын, муниципиалдык менчик болумунун”-деген суйлом менен алмаштырылсын.
12. Жобонун 5-болумунун 16,17 пунктарындагы “ыйгарым укуктуу орган”-деген соз “Сулукту шаардык мэриясы”-деген суйлом менен алмаштырылсын.
13. Жобонун 5-болумунун 17-пунктунун тексти “Сулукту шаарынын мэри бул арызды муниципиалдык менчик болумуно андан ары кароо жана зарыл документерди топтоо учун жонотот”-деген создор менен алмаштырылсын.
14. Жобонун 5-болумунун 30-пунктундагы “ыйгарым укуктуу орган”-деген соз “муниципиалдык менчик болуму”-деген создор менен алмаштырылсын.
15.. Жобонун 6-болумунун 34-пунктундагы “Ыйгарым укуктуу орган”-деген суйлом “Сулукту шаардык курулуш жана жерди пайдаланууга укуктарды беруу боюнча комиссиясы ”-деген суйлом менен алмаштырылсын.
16. Жобонун 6-болумунун 35,36,38,39,41,42,43 7-болумунун 48,51,52,54,56,59,61 жана 8-болумунун 64,66,67 пунктарындагы “Ыйгарым укуктуу орган”-деген создор “Муниципиалдык менчик болуму”-деген создор менен алмаштырылсын.
II.Шаардык кенештин токтомун Баткен областык Адилет башкармалыгынан каттоодон откорулушун камсыз кылуу жагы шаардык кенештин жооптуу катчысы М.Джураевага тапшырылсын.
III.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга жана шаардык муниципиалдык менчик болумуно, козомолдоо жагы шаардык кенештин мыйзамдуулук, депутаттык этика жана жергиликтуу оз алдынча башкаруу жана муниципиалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссияларына жуктолсун.
Депутаттардын Сулукту шаардык
кенешинин торагасы:- К.Исмаилов
Депутаттардын Сулукту шаардык кенешинин XVII сессиясынын отурумунун (бешинчи чакырылышы)
ТОКТОМУ
Сулукту шаары № 105 27- октябрь 2015-жыл.
Сулукту шаардык курулуш жана жерди пайдаланууга укуктарды беруу боюнча комиссиясынын иштоо тартибинин эрежелери жонундо
Сулукту шаардык муниципалдык менчик болуму корсоткон “Сулукту шаардык курулуш жана жерди пайдаланууга укуктарды беруу боюнча комиссиясынын иштоо тартибинин эрежелерин карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011ж. №571 «Муниципалдык менчигинде жайгашкан жер тилкелерди ижарага же кайтарымсыз менчике берүү укуктарынын шарттары жана тартиби жөнүндө Калыптык Жобону бекитүү жөнүндө» токтомун жетекчиликке алып Сулукту шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Сулукту шаардык курулуш жана жерди пайдаланууга укуктарды беруу боюнча комиссиясынын иштоо тартибинин эрежелери бекитилсин (иштоо тартибинин эрежелери тиркелет).
2.Бул токтомдун Баткен областык Адилет башкармалыгынан каттоодон откорулушун камсыз кылуу жагы шаардык кенештин жооптуу катчысы М.Джураевага тапшырылсын
3.Токтомдун аткарылышынкамсыз кылуу жагы шаардык мэрияга, көзөмөлдөө жагы Сулукту шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сулукту шаардык
Кеңешинин төрагасы:- К. Исмаилов
Сулукту шаардык Кеңешинин
2015-жылдын 27-октябрындагы
№ 105 токтому менен
бекитилген
Сулукту шаардык курулуш жана жерди пайдаланууга укуктарды беруу боюнча комиссиясынын иштоо тартибинин эрежелери
1.Жалпы жоболор
1.1. Сулукту шаардык курулуш жана жерди пайдаланууга укуктарды беруу боюнча комиссиясы (мындан ары комисссия) өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын окмотунун 23.09.2011ж. №571 «Муниципалдык менчигинде жайгашкан жер тилкелерди ижарага же кайтарымсыз менчике беруу укуктарынын шарттары жана тартиби жонундо Калыптык Жобону бекитуу жонундо» токтомун, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын, башка укуктук ченемдик актыларынын, Сулукту шаардык Кеңеши тарабынан бекитилген ушул эреженин талаптарын жетекчиликке алып жүргүзөт.
2. Комиссияны түзүү тартиби
2.1.Сулукту шаардык мэринин сунушу боюнча комиссиянын курамы Сулукту шаардык Кеңеши тарабынан бекитилет.
2.2.Комиссиянын төрагасы болуп биринчи вице-мэр саналат.
2.3.Комиссиянын төрагасынын орун басары болуп Сулукту шаардык Кенешинин торагасынын коомдук башталыштагы орун басары саналат.
2.4. Комиссиянын курамына төмөнкү органдардын жетекчилери кирет:
-Мамлекеттик курулуштун шаардык архитектура органы;
-Мамлекеттик каттоонун Сулукту-Лейлек башкармалыгынын Сулукту шаардык болуму;
-Сулукту шаардык мэриясынын экономика жана инвестицияларды тартуу бөлүмү;
-Сулукту шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик болуму;
-Санитардык эпидемиологиялык кызматы.
2.5.Шаардык Кеңештин чечими менен комиссиянын курамына шаардык Кенештин депутаты киргизилет.
Ошондой эле, комиссиянын курамына коомдук уюмдардан, ишкерлерден жана өнөр жайдын өкүлдөрүнон киргизииши мумкун. Бул топтун өкүлдөрүнүн ичине — Мамкурулуштун жергиликтүү архитектурасынын сунушу боюнча — 1 киши, шаардык Кеңештин сунушу боюнча — 2 киши кирет.
2.6.Комиссиянын чечими, комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес — кворум бар болсо, жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Эгерде добуштар тең болсо, комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болот. Комиссиянын катчысы Муниципалдык менчик болумунун кызматчысы болот жана ал анын курамына кирбейт.
3. Комиссиянын функциялары
3.1. Комиссия төмөнкү функцияларды аткарат:
-Сулукту шаардык Муниципалдык менчик болумунун, Мамкурулуштун шаардык архитектура болуму, Мамкаттоонун Сулукт-Лейлек башкармалыгынын Сулукту шаардык болуму тарабынан дайындалган материалдардын жана документтердин негизинде жер тилкелерине укук берүү боюнча Сулукту шаардык мэриясы үчүн сунуштарды даярдайт;
-жер тилкелерине укуктардын түрлөрүн (менчик, ижара), аларды берүү жолун (аукцион, конкурс, түз сатуу) аныктайт;
-лоттун баштапкы баасынын өлчөмүн же соодалашуу жөнүндө түз суйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн жер тилкелеринин башкы баасын коет;
-соода жүргүзүүнүн уюштуруучусу болот, соодалашуунун жыйынтыгын белгиленген тартипте бекитет;
-белгиленген учурларда жана тартипте, ушул берененин 3-п. аныкталган, Коомдук угууларды өткөрөт;
— Коомдук угуулардын жыйынтыгы боюнча Сулукту шаардык мэриясы жана шаардык Кеңеши үчүн сунуштарды, анын ичинде, атайын макулдашууларды жана ушул Эрежелерден четке чыгууга уруксат берүү жөнүндө сунуштамаларды, курулуш жана жерди пайдалануу маселесине тийиштүү, Сулукту шаардык мэриясынын чечими боюнча юридикалык жана жеке жактардын аппеляциясы менен байланышкан сотко чейинки талаштарды жөнгө салуу боюнча сунуштарды даярдайт;
-Эрежелерге өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү жөнүндө сунуштарды, ошондой эле жергиликтүү укуктук ченемдик актыларынын долбоорлорун, ушул эрежелерди колдонуу жана ишке ашуусу менен байланышкан башка документтерди даярдоону уюштурат.
3.2.Сулукту шаардык мэриясы жана шаардык Кеңеши комиссиянын сунушу боюнча тиешелүү токтомдорду, буюрмаларды жана башка жергиликтүү ченемдик актыларды кабыл алат.
4.Комиссиянын ишин уюштуруу тартиби
4.1.Сулукту шаардык Муниципалдык менчик болуму тарабынан, комиссиянын ишмердүүлүгүн уюштуруу камсыздалынат.
Ушул максатта комиссиянын катчысы, ММБнын кызматкери, төмөнкү фунцияларды ишке ашырат:
-комиссиянын кароосуна кабыл алынган документтерди (арыздарды, корутундуларды, баалоо отчетторун жана башкаларды) каттайт, документтердин белгиленген талапка ылайыктыгын текшерет.
-комиссиянын отурумуна тиешелүү документтерди алдын ала иликтейт жана даярдайт;
-комиссиянын отурумунун күн тартибин макулдашат жана тариздейт, комиссиянын мүчөлөрүнө, кызыкдар юридикалык жана жеке жактарга кабарлайт;
-комиссиянын отурумунун протоколун түзөт, белгиленген тартипте тариздейт;
-билдирүүлөрдүн тексттерин, соода жүргүзүү жөнүндө кабарларды, коомдук угууларды даярдайт, комиссиянын төрагасы менен макулдашат.
-жалпыга маалымат каражаттарына билдирүүлөрдү, кабарларды берет;
-соодалашуунун аукциондук (конкурстук) документтерин даярдайт жана комиссиянын мүчөлөрүн жана катышуучуларды алар менен камсыздайт, тиешелүү акыларды жана төлөмдөрдү текшерет;
-соодалашуулардын протоколдорун жүргүзөт, документтерди тариздейт, отурумда катышкан комиссиянын мүчөлөрүн жана соодалашуулардын катышуучуларын протоколго кол койдурат;
-жер тилкелерин сатуу-сатып алуу, ижара келишимдери боюнча Сулукту шаардык мэриясынын токтомдорунун долбоорлорун даярдайт.
4.2.Комиссия оз отурумдарында чечимдерди кабыл ала алат. Комиссиянын төрагасынын чечими боюнча отурумдарга кызыкдар уюмдардын өкүлдөрү жана жеке жактар чакырылат.
4.3.Комиссия өз ишмердүүлүгүн отурумдар аркылуу жүргүзөт. Отурумдардын жыйынтыктары протокол түрүндө, комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн кол тамгалары менен даярдалат.
4.4.Отурумдардын маалы комиссиянын төрагасы тарабынан аныкталат.
4.5.Комиссиянын отурумун төрага жүргүзөт, ал жок болгон учурларда,
төраганын орун басары жүргүзөт.
4.6.Эгерде отурумда анын мүчөлөрүнүн үчтөн эки бөлүгү болсо, комиссия чечим кабыл ала алат.
4.7.Комиссиянын чечими ачык добуш берүү жолу менен добуштун көпчүлүгү боюнча кабыл алынат. Эгерде добуштар тең болсо, комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болот.
4.8.Эгерде каралуучу маселе боюнча комиссиянын мүчөсүнүн түз финансылык кызыкчылыгы бар болсо, же арыз ээси менен тууганчылык мамилеси болгон учурларда, комиссиянын чечими менен комиссиянын ал мүчөсү добуш берүүдөн бошотулат.
4.9.Комиссиянын ишмердүүлүгү менен байланышкан комиссиянын отурумдарынын протоколдору жана башка материалдары Сулукту шаардык Муниципалдык менчик болумунун архивинде сакталат.
5.Отурумдарды жүргүзүүнүн тартиби
5.1.Комиссиянын отурумдарына милдеттүү түрдө комиссиянын бардык мүчөлөрү чакырылат.
5.2.Отурумдун башталышында комиссиянын төрагасынын алдын ала макулдугунун негизинде комиссия өз ишинин регламентин түзөт.
Сулукту шаардык Кеңешинин
жооптуу катчысы М.Джураева
Депутаттардын Сулукту шаардык кенешинин XVII сессиясынын отурумунун (бешинчи чакырылышы)
ТОКТОМУ
Сулукту шаары № 106 27 октябрь 2015-жыл.
Сулукту шаардык мэриянын алдындагы курулуш жана жерди пайдаланууга укуктарды беруу боюнча комиссиянын курамын бекитуу жонундо
Сулукту шаардык мэриянын алдындагы курулуш жана жерди пайдаланууга укуктарды беруу боюнча комиссиянын курамын кайрадан бекитуу жонундо шаардык кенештин мыйзамдуулук, депутаттык этика жана жергиликтуу оз алдынча башкаруу боюнча жана муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиянын билдируулорун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген Жобонун талаптарын жетекчиликке алып, депутаттардын Сулукту шаардык кенешинин 2015-жыл 6-июль №96 токтомунун негизинде депутаттардын Сулукту шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сулукту шаардык мэриянын алдындагы курулуш жана жерди пайдаланууга укуктарды беруу боюнча комиссиясы томонку курамда бекитилсин
1. Исабаев Н.А. — шаардык кенештин торагасынын орун басары –
2. Садыков К.Б. — «Шахтер жолу» гезитинин башкы редактору
3. Исраилов А.П.. — Сүлүктү-Лейлек аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын Сулукту шаардык болумунун башчысы
4. Чичерина Н.А. -шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчик
болумунун башкы эсепчиси
5. Салямов К. — жеке ишкер
2. Комиссиянын торагасын жана катчысын шайлоонун уюштурулушун жана комиссиянын ишин мыйзам ченеминде жургузулушун камсыз кылуу жагы шаардын I-вице-мэри Б.Ташевге жуктолсун
3. Сулукту шаардык кенешинин 2013-жылдын 8-июлундагы VI сессиясынын отурумунун
№ 33 токтому жокко чыгарылсын.
4 .Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга козомолдоо жагы мыйзамдуулук, депутаттык этика жана жергиликтуу оз алдынча башкаруу боюнча туруктуу комиссияга жуктолсун
Депутаттардын Сулукту шаардык
кенешинин торагасы: К. Исмаилов
Депутаттардын Сулукту шаардык кенешинин XVII сессиясынын отурумунун (бешинчи чакырылышы)
ТОКТОМУ
Сулукту шаары № 107 27-октябрь 2015-жыл.
Сулукту шаардык мэриясынын алдында тузулгон жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү комиссиясынын иштоо тартибинин эрежелери жонундо.
“Сулукту шаардык мэриясынын алдында тузулгон жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү комиссиясынын иштоо тартибин карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жана жер боюнча укуктук мамилелерди жөнгө салуучу башка нормативдик укуктук актылардын жана КРнын Окмотунун 2005-жылдын 6-майындагы N 177 токтомунун талаптарын жетекчилике алып, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана жергиликтуу оз алдынча башкаруу жана муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссияларынын сунуштарынын негизинде Сулукту шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Сулукту шаардык мэриясынын алдында тузулгон жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү комиссиясынын иштоо тартибинин эрежеси бекитилсин (тиркелет).
2.Бул токтомдун Баткен областык Адилет башкармалыгынан каттоодон откорулушун камсыз кылуу жагы шаардык кенештин жооптуу катчысы М.Джураевага тапшырылсын
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сулукту шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сулукту шаардык
Кеңешинин төрагасы:- К. Исмаилов
Депутаттардын Сулукту шаардык кенешинин 2015-жылдын 27-октябрь №107 токтомунун тиркемеси
Сулукту шаардык мэриясынын алдында тузулгон жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү комиссиясынын иштоо тартибинин эрежеси
1. Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби (мындан ары — тартиби) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жана жер боюнча укуктук мамилелерди жөнгө салуучу башка нормативдик укуктук актылардын жана КРнын Окмотунун 2005-жылдын 6-майындагы N 177 токтомдорунун талаптарына ылайык иштелип чыкты жана бош жерлер болгон шартта жер участокторун жеке менчик турак үй куруу үчүн акысыз берүүнүн тартибин жөнгө салат.
2. Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогу калктуу конуштардын башкы пландарына ылайык, ал эми ал жок болсо – шаардын башкы архитектору менен макулдашылган башкы пландардын схемасына ылайык берилет.
3. Жер участокторун берүү боюнча иштерди жүргүзүү жана уюштуруу шаардык мэриянын алдында тузулгон комиссия тарабынан ишке ашырылат.
4. Комиссиянын курамын шаардык мэриянын сунушу боюнча жергиликтүү кеңеш бекитет.
комиссия томонкудой курамда түзүлөт:
— жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү (шаардык мэрия) жана өкүлчүлүк органдарынын (шаардык кенеш) өкүлдөрү (комиссиялардын теңтөрагалары);
— архитектура боюнча мамлекеттик органдын өкүлү;
— кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча жергиликтүү мамлекеттик органдын өкүлү.
Шаардык кенештин сунушу менен комиссиянын курамына коомчулуктун өкүлдөрү кириши мүмкүн.
Комиссиянын компетенциясы:
5. Жогоруда көрсөтүлгөн максаттар үчүн жер участогун берүү ;
6. Берилуучү объект тийиштүү аймакта жайгашкан жана менчикке берууго мүмкүн болгон жер участоктору эсептелет.
7. Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн өлчөмүн шаардык кенеш аныктайт.
8. Жеке менчик турак үй куруу үчүн берилуучү жер участоктору үчүнчү жактардын укуктарынан бош болууга тийиш.
Жер участогун алуучуларга коюлуучу талаптар:
9. Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун алуу укугу төмөнкү жарандарга таандык:
— Шаардын аймагында 1 жылдан кем эмес жашагандар;
— Кыргыз Республикасынын (бүткүл) аймагы боюнча мурда жеке менчик турак үй курууга берилген жер участогу жоктор;
— турак жай аянты белгиленген санитардык нормаларга жана талаптарга жооп бербеген жарандарды эсепке албаганда, менчик турак жайы (үйү, квартирасы) жоктор;
— кийинки 5 жылдын ичинде сатуу-сатып алуу, алмашуу, тартуулоо ж.у.с. бүтүмдөрүн түзүп, менчигинде турган турак жайды үчүнчү жактарга берүү иштерин жасабагандар;
10. Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун алуучулар комиссияга төмөнкүдөй документтерди тапшырат:
— аныкталган формадагы арыз;
— ким экенин билдирүүчү документтин көчүрмөсү;
— кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча атайын укуктуу мамлекеттик органдын анын менчик укугундагы турак жайы же жеке менчик турак жай куруу үчүн мурда берилген жер участогу жоктугу тууралуу маалымкаты;
— эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эгер болсо);
— эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан учурда иштеген жеринен өтүнүч (жарандын каалоосу боюнча берилет);
— шаардык эмгек, миграция жана жаштар болумунун жумушсуздук статусу бар экенин ырастаган маалымкаты;
— турак жай шарттарын текшерүү актысы (жеке же биргелешкен менчик турак жайы бар болгон учурда);
— жашаган жеринен үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат.
11. Жеке менчик турак үй курууга жер участогун алуу үчүн комиссияга документ тапшырган жарандар, ошондой эле документтерди берүүчү органдар алардын тууралыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.
12. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча жергиликтүү мамлекеттик органдын өкүлүнүн милдетине төмөнкүлөр кирет:
— жер участогунун документте белгиленген чегараларга жана аянттарга туура келишин натурасында текшерүү;
— жеке менчик турак үй куруу үчүн берилуучү жер участокторунун чегараларын чектеш жер участокторунун менчик ээлери же пайдалануучулары менен макулдашуу;
— сервитуттар же башка чектөөлөр бар же жок экенин текшерүү.
13. Архитектура боюнча мамлекеттик органдын өкүлүнүн милдетине төмөнкүлөр кирет:
— комиссиянын заседаниелерин өткөрүү үчүн керектүү материалдарды жана документтерди даярдоо;
— бекитилген курулуш куруу документтерин, курулуштук нормаларды жана эрежелерди эске алуу менен участоктун чегараларын аныктоо;
— санитардык, өрткө каршы жана башка кызматтарга бөлүп берүү белгиленип жаткан жер участогун пайдалануунун шарттары жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуунун шарттары жөнүндө суроо жиберүү;
— алынган маалыматтардын негизинде жер участогун пайдалануунун мүмкүндүктөрү жөнүндө жалпыланган техникалык корутунду түзүү.
14. Жеке менчик турак үй куруу үчүн бөлүп берүү белгиленген ар бир жер участогу боюнча маалыматтык пакет түзүлөт, ага төмөнкүлөр кирет:
— жер участогу жайгашкан орун (дареги), кадастрлык номери (эгер болсо);
— жер участогунун планы анын чегараларын, сервитуттар колдонулуучу чегараларын чийүү менен;
— инженердик коммуникациялардын ар кыл түрлөрүнө кошуунун шарттары жана болжолдуу наркы жөнүндө жалпыланган корутунду.
Комиссиянын милдетине томонкулор кирет:
15. Комиссия жарандардан жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө түшкөн өтүнүчтөрдү жана аларга кошулган документтерди аныкталган тартипте изилдейт жана жер участогун берүү же жер участогун берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим чыгарат.
16. Комиссия убактылуу негизде, бирок айына 1 жолудан кем эмес иштейт. Комиссиянын утурумдук иштерин жеке менчик үй куруу үчүн жер участогун берүү компетенциясына кирген атайын укуктуу органдын тийиштүү кызматтагы адистери аткарышат.
17. Жарандарга жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участоктору тапшырган арыздарына ылайык кезегине жараша ирет менен берилет.
18. Комиссиянын чечими тийиштүү протокол менен таризделет, ал атайын укуктуу органдын жер участогун бөлүп берүү жөнүндө чечимин даярдоого жана жер участогуна жеке менчик укук жөнүндө мамлекеттик актыны тариздөөгө негиз болот.
19. Комиссиянын чечими шаардык мэриянын алдындагы жеке менчик үй куруу үчүн жер участогун берүү компетенциясына кирген атайын укуктуу болумго аткарууга берилет.
20. Жеке менчик үй куруу үчүн жер участогун берүү компетенциясына кирген атайын укуктуу болум тийиштуу мыйзамдардын, укук ченемдик актылардын негизинде чечимде корсотулгон тапшырмаларды аткарат, чечимдердин аткарылышы боюнча квартал сайын шаардык кенешке маалымат берет жана жылына бир жолудан кем эмес сессияда каралат.
Эскертме: Жеке менчик турак үй куруу үчүн берилген жер участогунун чегарасы (жеринде) аныкталганга жана жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документ жана турак үйдүн макулдашылган долбоору берилгенге чейин өздөштүрүүнү баштоого тыюу салынат.
Шаардык кенештин торагасы: К.Исмаилов.
Депутаттардын Сулукту шаардык кенешинин XVII сессиясынын отурумунун (бешинчи чакырылышы)
ТОКТОМУ
Сулукту шаары № 108 27-октябрь 2015-жыл.
Сулукту шаардык мэриянын алдындагы жеке менчик турак уй куруу учун жер участогун болуп беруу боюнча комиссиясынын курамын бекитуу жонундо
Сулукту шаардык мэриянын алдындагы жеке менчик турак уй куруу учун жер участогун болуп беруу боюнча комиссиянын курамы жонундо шаардык кенештин мыйзамдуулук, депутаттык этика жана жергиликтуу оз алдынча башкаруу боюнча туруктуу комиссиянын билдируулорун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген Жобонун, Сулукту шаардык мэриясынын алдында тузулгон жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү комиссиясынын иштоо тартибинин эрежелеринин талаптарын жетекчиликке алып жана депутаттардын Сулукту шаардык кенешинин 2015-жыл 6-июль №96 токтомунун негизинде депутаттардын Сулукту шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сулукту шаардык мэриясынын алдында тузулгон жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун берүү комиссиясы томонку курамда бекитилсин
1. Ташев Б.Э. -Сулукту шаарынын 1-вице-мэри, комиссиянын торагасы.
2. Кудайбердиев Э.Э. — шаардык кенештин депутаты
3. Муратов И.Ж. -Сулукту шаардык шаар куруу жана архитектура
башкармалыгынын башкы адиси
4. Исраилов А.П. -Сулукту-Лейлек мамкаттоо башкармасынын башкы
жер адиси
5. Арапов Ж.И. -шаардыкмуниципалдык менчик болумунун башчысы
2. Сулукту шаардык кенешинин 2013-жылдын 8-июлундагы VI сессиясынын отурумунун
№ 33 токтому жокко чыгарылсын.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга козомолдоо жагы мыйзамдуулук, депутаттык этика жана жергиликтуу оз алдынча башкаруу боюнча туруктуу комиссияга жуктолсун
Депутаттардын Сулукту шаардык
кенешинин торагасы: К. Исмаилов
Депутаттардын Сулукту шаардык кенешинин XVII сессиясынын отурумунун (бешинчи чакырылышы)
ТОКТОМУ
Сулукту шаары № 109 27-октябрь 2015-жыл.
Сулукту шаардык мэриясынын турак жай фондусун менчиктештируу жана турак жайга ордер беруу боюнча комиссияларынын курамын бекитуу жонундо
Сулукту шаардык мэриясынын турак жай фондусун менчиктештируу жана турак жайга ордер беруу боюнча комиссияларынын курамын кайрадан бекитуу жонундо шаардык кенештин мыйзамдуулук, депутаттык этика жана жергиликтуу оз алдынча башкаруу жана муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиянын билдируулорун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин, Кыргыз Республикасынын граждандык кодексинин талаптарын жетекчиликке алып, депутаттардын Сулукту шаардык кенешинин 2015-жыл 6-июль №96 токтомунун негизинде депутаттардын Сулукту шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сулукту шаардык мэриясынын турак жай фондусун менчиктештируу жана турак жайга ордер беруу боюнча комиссиясы томонку курамда бекитилсин.
1. Базарбаева Н.К. — шаардык кенештин депутаты
2. Эргашев Б.Б. — «Сулукту тазалык» МИнын директору
3. Осмонова И.Г.. — шаардык мэриянын башкы адиси-юристи
4. Халжигитов Ш. -шаардык муниципалдык менчик болумунун кызматкери
5. Халов Ш.К. . — шаардык кенештин депутаты
2. Сулукту шаардык кенешинин 2013-жылдын 8-июлундагы VI сессиясынын отурумунун
№ 33 токтому жокко чыгарылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга козомолдоо жагы мыйзамдуулук, депутаттык этика жана жергиликтуу оз алдынча башкаруу боюнча туруктуу комиссияга жуктолсун
Депутаттардын Сулукту шаардык
кенешинин торагасы: К. Исмаилов
Депутаттардын Сулукту шаардык кенешинин XVII сессиясынын отурумунун (бешинчи чакырылышы)
ТОКТОМУ
Сулукту шаары № 110 27 -октябрь 2015-жыл.
«Жеке турак жай куруу үчүн жер
тилкесин алууга жарандардын кезектүүлүгун
түзүү тартиби жөнүндө» Жобону бекитүү жөнүндө
Сулукту шаардык муниципалдык менчик болуму корсоткон «Жеке турак жай куру үчүн жер тилкесин алууга жарандардын кезектүүлүк түзүү тартиби жөнүндө» Жобону карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Граждандык жана Жер кодексин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтомун, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамдарын жетекчилике алып, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана жергиликтуу оз алдынча башкаруу жана муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссияларынын сунуштарынын негизинде Сулукту шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.«Жеке турак жай куру үчүн жер тилкесин алууга жарандардын кезектүүлүк түзүү тартиби жөнүндө» Жобо бекитилсин (Жобо тиркелет).
2.Бул токтомдун Баткен областык Адилет башкармалыгынан каттоодон откорулушун камсыз кылуу жагы шаардык кенештин жооптуу катчысы М.Джураевага тапшырылсын
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга, көзөмөлдөө Сулукту шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сулукту шаардык
Кеңешинин төрагасы:- К. Исмаилов
Сулукту шаардык Кеңешинин
2015-ж.27-октябрындагы
№110 токтому менен бекитилген
Сулукту шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин
алууга жарандардын кезектүүлүгүн түзүү тартиби жөнүндө
ЖОБО
1.Жалпы жоболор
2. Сулукту шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин алуу учун кезек тизмесин түзүү тартиби
1.Жалпы жоболор
1.1.Сулукту шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин алууга жарандардын кезектүүлүгүн түзүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары-Жобо) Кыргыз Республикасынын Жер жана Жарандык кодекстерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы “Жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин берүү тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндөгү” №177 токтомуна ылайык иштелип чыкты.
Жобо Сулукту шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин алууга жарандардын кезегин түзүүгө, Сулукту шаарынын аймагында коюулуучу негизги талаптарды аныктайт.
1.2.Ушул Жобонун талаптары, Кыргыз Республикасынын аймактарында жеке турак үй курууга акысыз бир жолу жер тилкесин алуу укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандарына гана жайылтылат жана Сулукту шаарынын жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин жеке менчикке берүү боюнча кезектүүлүктү түзүүнүн бирдиктүү тартибин жана шарттарын аныктайт.
1.3.Жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин алуу учун кезек журналына катталуу үчүн, талапкер адам (арыз берүүчү) Сулукту шаарынын мэриясынын карамагындагы Муниципалдык менчик болумунун (мындан ары-ММБ) төмөнкү документтерди берет:
-белгиленген формадагы арыз;
-өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтин копиясы (паспорт);
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат базасын эсепке алуу менен, Сулукту – Лейлек аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын менчик турак жайынын же жеке турак жай куруу үчүн мурда бөлүнгөн жер тилкесинин жоктугу жөнүндө маалым каты;
-эмгек китепчесинин көчүрмөсү (бар болсо);
-эмгек ишмердүүлүгү бар болгон учурда, иштеген жеринен өтүнмө (арыз берүүчүнүн каалоосу боюнча берилет);
-жумушсуз статусун тастыктоочу ыйгарым укуктуу органдын маалым каты;
-жашоо шарттарын иликтөө актысы (жеке же чогуу турак жайы бар болсо);
-үй-бүлөсүнүн курамы тууралуу жашаган жеринен маалым кат.
1.4.Жеке турак үй куруу үчүн жер тилкесин алууга документтерин берген Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле документ берген органдар, алардын аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган жоопкерчиликти тартышат.
2. Сулукту шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин
алууга жарандардын кезектүүлүгүн түзүү тартиби
2.1. Жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин алууга арызды алууну жана аларды каттоону Сулукту шаардык мэриясы жүргүзөт.
2.2.Документтерди кароону Сулукту шаардык жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин алууга кезек тизмесин түзүү Сулукту шаардык ММБу жүргүзөт.
2.3.Бирдиктүү тизме бир нускада түзүлөт, көктөлөт, номерленет жана ММБнын мөөрү менен бекитилип, вице-мэрдин визасы коюлат.
Бирдиктүү тизме ММБда, бир нуска журнал жана кароого мүмкүн болгон жерге жарнак катары илинет.
2.4.Жашаган жери өзгөрсө же жер тилкесин алууга кезектүүлүк журналына каттатууга мурда берилген документтердин мазмуну өзгөргөн учурда, арыз берүүчү жазуу түрүндө көрсөтүлгөн өзгөрүүлөр тууралуу, жаңыртылган документтерди тиркөө менен ММБга билдирет.
2.5.Ушул Жобонун 1.3. пунктунун талаптарын бузууга жол берген жарандар, Жеке турак үй куруу үчүн жер тилкесин алууга кезектүүлүк журналына катталышпайт.
2.6.Кезектүүлүк тизмесинин түзүлүшүн жана сакталышын көзөмөлдөөнү Сулукту шаардык Кеңеши жана Сулукту шаардык мэриясы жүргүзөт.
2.7. Жеке турак үй куруу үчүн жер тилкесин алууга документтер ушул Жобонун талаптарына ылайык болбогон учурда, ММБ жеке турак үй куруу үчүн жер тилкесин алууга арыз берүүчүнү кезекке коюуга баш тартуу жөнүндөгү чечимди кабыл алат. Арыз берүүчүгө баш тартуу жөнүндө жазуу түрүндө билдирүү жөнөтүлөт. Жеке турак үй куруу үчүн жер тилкесин алууга документтер арыз берүүчүгө кайтарылып берилбейт.
2.8. Жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин алууга кезектүүлүк журналдын ар бир барагы бош жерсиз жана аралыктар көбөйтүлбөстөн таризделет (толтурулат), көктөлөт, номерленет ММБнын мөөрү менен бекитилет. Кезек жургузуу тартибинин жургузулушуно архитектура жана курулуш комиссиясы тарабынан узгултуксуз козомол жургузулот.
Шаардык кенештин жооптуу катчысы М.Джураева
Депутаттардын Сулукту шаардык кенешинин сессиясынын ХVII отурумунун
(бешинчи чакырылышы)
ТОКТОМУ
Сулукту шаары №111 27 октябрь 2015-ж
“Ысым ыйгаруу” жонундо.
Кожакматов Сатындынын ысмын Сулукту шаарынын жалпы дарыгерлер практикалык борборунун хирургия болумуно ыйгаруу жонундо Сулукту шаарынын жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жамаатынын кайрылуу катын жана Сулукту шаардык мэриясынын кайрылуу катын, Сулукту шаарынын жамаатынын жергиликтуу жана мамлекеттик сыйлыктарга сунуштоо боюнча коммиссиясынын жана шаардык кенештин мыйзамдуулук, депутаттык этика жана жергиликтуу оз алдынча башкаруу иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Сулукту шаарынын жамаатынын жергиликтуу жана мамлекеттик сыйлыктарга сунуштоо боюнча Жобосунун, Сулукту шаарынын Уставынын негизинде депутаттардын Сулукту шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кожакматов Сатындынын ысымы Сулукту шаарынын жалпы даарыгерлер практикалык борборунун хирургия болумуно ыйгарылсын.
2.Аты озгорулгон оорууканага аншлагды орнотууну мыйзам тарабынан белгиленген тартипте жургузулушу Сулукту шаарынын жалпы дарыгерлер практикалык борборуна тапшырылсын .
3.Сулукту шаарынын жалпы даарыгерлер практикалык борборунун иш кагаздарына тийиштуу озгортуулор киргизилсин.
4.Сулукту шаарынын жалпы даарыгерлер практикалык борборунун хирургия болумунун ысмын озгортууго сарпталуучу чыгымдар Сулукту шаарынын жалпы даарыгерлер парктикалык борборунун жана демоорчулордун эсебинен жургузулушу сунушталсын.
5.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кенештин саламаттыкты сактоо, социалдык онуктуруу жана экалогия боюнча туруктуу комиссиясына жана шаардын вице мэри Р.Амировага жуктолсун.
Шаардык кенештин торагасы: К.Исмаилов
Депутаттардын Сулукту шаардык кенешинин ХVII сессиясынын отурумунун (бешинчи чакырылышы)
ТОКТОМУ
Сулукту шаары № 112 27 -октябрь 2015-ж
Сулукту-Лейлек аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулкко укуктарды каттоо башкармалыгынын Сулукту шаардык болумунун 2014 жана 2015-жылдын 7 айында аткарган иштери жонундо. .
Сулукту-Лейлек аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулкко укуктарды каттоо башкармалыгынын Сулукту шаардык болумунун 2014 жана 2015-жылдын 7 айында аткарган иштери жонундо Сулукту-Лейлек аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулкко укуктарды каттоо башкармалыгынын Сулукту шаардык болумунун башчысы А.Исраиловдун жана шаардык кенештин муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын билдируулорун угуп жана талкуулап “Жергиликтуу оз алдынча башкаруу” боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, Жер жана Жарандык кодекстердин негизинде депутаттардын шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сулукту-Лейлек аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулкко укуктарды каттоо башкармалыгынын Сулукту шаардык болумунун 2014 жана 2015-жылдын 7 айында аткарылып жаткан иштери боюнча Сулукту-Лейлек аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулкко укуктарды каттоо башкармалыгынын Сулукту шаардык болумунун башчысы А.Исраиловдун билдируусу кабыл алынсын.
2. Шаардагы кыймылсыз мулкторду аныктоо, каттоо жана сатылган, залогко арендага алмашууга берилген мулктордун пайдаланышы боюнча мониторинг жургузуп жыйынтыгын жергиликтуу маалымат каражаттары аркылуу жарандарга маалымат беруу жагы Сулукту-Лейлек аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулкко укуктарды каттоо башкармалыгынын Сулукту шаардык болумунун башчысы А.Исраиловго сунушталсын.
3.Шаардын аймагындагы кыймылсыз мулк объектеринин айлана-чойросун корктондуруу, жашылдандыруу боюнча иш чараларды тузуп анын аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык мэриядан талап кылынсын.
4. Кыргыз Республикасынын Окмотуно караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы кадастр жана кыймылсыз мулкко укуктарды каттоо департаменти тарабынан бекитилген Жобонун талаптарынын негизинде иш алып баруу жагы Сулукту-Лейлек аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулкко укуктарды каттоо башкармалыгынын Сулукту шаардык болумунун башчысы А.Исраиловго сунушталсын.
5.Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы шаардык кенештин муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссияларына жуктолсун.
Шаардык кенештин торагасы:- К.Исмаилов
Депутаттардын Сулукту шаардык Кенешинин XVI1 сессиясынын
(бешинчи чакырылышы)
ТОКТОМУ
Сулукту шаары. № 113 27 — октябрь 2015-ж.
Республикалык маанидеги Исфана-Сулукту-Кайрагач автоунаа жолун куруу учун жер тилкесин которуу боюнча шаардык мэриянын 1-сентябрь 2015-жылкы №860 каты жонундо.
Республикалык маанидеги Исфана-Сулукту-Кайрагач автомобил жолун куруу учун жер тилкесин которуу боюнча шаардык мэриянын 1-сентябрь 2015-жылкы №860 каты жонундо муниципиалдык менчик,курулуш жана архитектура боюнча шаардык кенештин туруктуу комиссиясынын жана Сулукту-Лейлек аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулкко укуктарды каттоо башкармалыгынын Сулукту шаардык болумунун башчысы А. Исраиловдун,шаардын башкы архитектору Ш.Якубовдун, шаардын I-вице мэри Б.Ташевдин билдируулорун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин, Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жоундо Мыйзамынын жана Жер участокторун которуу(трансформациялоо) тартиби жонундо Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген убактылуу Жобонун негизинде Сулукту шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Республикалык маанидеги Исфана-Сулукту-Кайрагач автомобил жолун куруу учун Сулукту шаарынын Колцо айылынын аймагынан 6,9 гектар суусуз жайыт жер тилкесин которуу боюнча шаардык мэриянын 1-сентябрь 2015-жылкы №860 сунушу колдоого алынсын ( жер тилкесинин планы жана шаардык мэриянын, шаардын башкы архитекторунун, кыймылсыз мулкко укуктарды каттоо башкармалыгынын Сулукту шаардык болумунун кортундусу тиркелет)
2. Токтом тийиштуу жогорку органдарга жонотулсун.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардын I-вице мэри Б.Ташевге, шаардын башкы архитектору Ш.Якубовго жана Сулукту-Лейлек аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулкко укуктарды каттоо башкармалыгынын Сулукту шаардык болумунун башчысы А. Исраиловго тапшырылсын.
4. Бул токтомду козомолдоо жагы шаардык кенештин муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жуктолсун.
Депутаттардын Сулукту шаардык
кенешинин торагасы: К. Исмаилов
Депутаттардын Сулукту шаардык Кенешинин сессиясынын XVII отурумунун
(бешинчи чакырылышы)
ТОКТОМУ
Сулукту шаары. №114 27 — октябрь 2015-ж.
Сулукту шаарынын Кошбулак поселкасынын С.Султанов кочосуно соода жана медициналык борборду жайгаштыруу боюнча шаардын башкы архитектору Ш.Якубовдун 10-09 2015-ж №36 каты жонундо.
Сулукту шаарынын Кошбулак поселкасынын С.Султанов кочосуно соода жана медициналык борборду жайгаштыруу боюнча шаардын башкы архитектору Ш.Якубовдун 10-09 2015-ж №36 каты жонундо муниципиалдык менчик,курулуш жана архитектура боюнча шаардык кенештин туруктуу комиссиясынын жана шаардын башкы архитектору Ш.Якубовдун, шаардын I-вице мэри Б.Ташевдин билдируулорун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 2-пунктунун негизинде Сулукту шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сулукту шаарынын Кошбулак поселкасынын С.Султанов кочосуно соода жана медициналык борборду жайгаштырууга макулдук берилсин . ( жер тилкесинин планы жана шаардын башкы архитекторунун, кортундусу тиркелет)
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардын I-вице мэри Б.Ташевге жана шаардын башкы архитектору Ш.Якубовго тапшырылсын
3. Бул токтомду козомолдоо жагы шаардык кенештин муниципиалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жуктолсун.
Депутаттардын Сулукту шаардык
кенешинин торагасы: К. Исмаилов
Депутаттардын Сулукту шаардык Кенешинин сессиясынын XVII отурумунун
(бешинчи чакырылышы)
ТОКТОМУ
Сулукту шаары. № 115 — октябрь 2015-ж.
Сулукту шаарынын Кошбулак поселкасынын Д.Жороев кочосуно турак жай куруу боюнча шаардын муниципиалдык болумунун башчысы Ж. Араповдун 12.10.2015-ж №423 каты жонундо.
Сулукту шаарынын Кошбулак поселкасынын Д.Жороев кочосуно турак жай куруу боюнча шаардын муниципиалдык болумунун башчысы Ж. Араповдун 12.10.2015-ж №423 каты жонундо муниципиалдык менчик,курулуш жана архитектура боюнча шаардык кенештин туруктуу комиссиясынын жана шаардын башкы архитектору Ш.Якубовдун, шаардын I-вице мэри Б.Ташевдин билдируулорун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 2-пунктунун негизинде Сулукту шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сулукту шаарынын Кошбулак поселкасынын Д.Жороев кочосуно турак жай куруу боюнча макулдук берилсин (жер тилкесинин планы жана шаардын башкы архитекторунун, кортундусу тиркелет).
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардын I-вице мэри Б.Ташевге жана шаардын башкы архитектору Ш.Якубовго тапшырылсын
3. Бул токтомду козомолдоо жагы шаардык кенештин муниципиалдык менчик,курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жуктолсун.
Депутаттардын Сулукту шаардык
кенешинин торагасы: К. Исмаилов
Депутаттардын Сулукту шаардык кенешинин XVII сессиясынын отурумунун (бешинчи чакырылышы)
ТОКТОМУ
Сулукту шаары № 116 27- октябрь 2015-ж
Сулукту шаардык жергиликтуу бюджетинин тузулушу жана аткарылышы боюнча Кыргыз Респу-
бликасынын Эсептоо палатасынын текшеруусунун жыйынтыгы боюнча.
Сулукту шаардык жергиликтуу бюджетинин 2013-2014жж тузулушу жана аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептоо палатасынын текшеруусунун жыйынтыгы боюнча 07.09.2015ж №01-12/836 катын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жонундо” Мыйзамынын жана “Кыргыз Республикасынын бюджетинин негизги принциптери жонундогу” Мыйзамынын негизинде депутаттардын Сулукту шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сулукту шаардык жергиликтуу бюджетин 2013-2014жж тузулушу жана аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептоо палатасынын текшеруунун жыйынтыгы маалымат учун кабыл алынсын.
2. Аудит жургузулгон мекеме, ишканалардын жетекчилеринен финансылык тартип бузууга жол берген кызматкерлерге тийиштуу чараларды коруп жыйынтыгын Эсептоо палатасынын аймактык болумуно жана депутаттардын шаардык кенешине билдируусун сурайт.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сулукту шаардык мэриясына жана каржы болумуно тапшырылсын.
4. Токтомдун кочурмосу маалымат учун Кыргыз Республикасынын Эсептоо палатасынын аймактык болумуно жонотулсун.
3. Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы шаардык кенештин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комисиясына жуктолсун.
Депутатардын шаардык
кенешинин торагасы. К.Исмаилов
Депутаттардын Сулукту шаардык кенешинин XVII сессиясынын отурумунун (бешинчи чакырылышы)
ТОКТОМУ
Сулукту шаары № 117 27 октябрь 2015-ж
Шаардык жергиликтуу бюджетинин каражаттарын бир статьядан башка статьяларга жылдыруу жонундо.
Шаардык жергиликтуу бюджетинин каражаттарын бир статьядан башка статяларга жылдыруу жонундо шаардык кенештин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комисиясынын торайымы Г.Ы Кушматованын,шаардык каржы болумунун башчысы Д Ташбаевдин билдируулорун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жонундо” Мыйзамынын 31-беренесинин,Кыргыз Республикасынын бюджетинин негизги принциптери жонундогу №78 Мыйзамынын 15-беренесинин негизинде депутаттардын Сулукту шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сулукту шаардык мэриясынын 2015-жылга бекитилген сметасынын 3111 статьясынан 50,0 мин сому 2211 статьясына жылдырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык каржы болумуно тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы шаардык кенештин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комисиясына жуктолсун.
Депутатардын шаардык
кенешинин торагасы. К.Исмаилов