Окуучулар арасында кылмыштуулуктун жана зордук-зомбулуктун алдын алуу, сергек жашоо образын жайылтуу жана достук мамилени бекемдөө максатында Соң-Көл жалпы билим берүү мектебинде 8–11-класстардын окуучулары арасында волейбол мелдеши уюштурулду.
Иш-чара Кочкор райондук ички иштер бөлүмү тарабынан демилгеленип, мелдешти ИДН кызматкери Тукешов Азат уюштурду.
Спорттук таймашта 8–11-класстардын окуучулары өз ара күч сынашып, командалык оюн, ынтымак жана жеңишке болгон аракеттерин көрсөтүштү.

Мелдештин жыйынтыгында байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
1-орун — 10-класс;
2-орун — 11-класс;
3-орун — 9-класс.
Мелдештин соңунда жеңүүчү жана байгелүү орундарга ээ болгон командаларга уюштуруучу тарабынан сыйлыктар тапшырылды.

Мындай иш-чаралар өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алууга, сергек жашоону калыптандырууга, ынтымакты жана өз ара сый-урматты бекемдөөгө багытталган.

Жасмина Мырзабекова