Ала качууну салт деп ойлогондор жаңылышат. Анкени ала качуу мыйзамга ылайык кылмыш болуп эсептелинет. Ал гана эмес ала качуу “адам уурдоо” барабар. Бирок ала качуу кылмыш экенин билсе да муну салт катары эсептегендер көп.
Айгерим Нурбек кызы 21 жашта. Учурда ал жайкы эс алууга айылга келген. Анын классташтарынын айрымдары турмушка чыгып, алды балалуу болуп калган. Алардын баары жолтоштору менен сүйлөшүп, макулдашып баш кошкондоруна кубанат. Айгерим да болочокто жолдошу менен сүйлөшүп, макулдашып баш кошууну каалайт:
“Мектепти 9 кыз аяктаганбыз, ошол эле жылы дароо турмушка чыккандар да болгон. Ал эми айрымдары студент кезде баш кошушту. Баары бактылуу жашап жатышат. Бул сүйлөшүп турмушка чыккандан улам деп билем. Мен ала качууга каршымын, тааныбаган жерге мажбурлап алып келишсе өтө көп кыйынчылыктар болот. Аларга көнүү үчүн бир топ убакыт керек. Ал убакыт аралыгында стресске да кабылышың мүмкүн. Акырында түшүнбөстүктөр көп болуп ажырашуу да болот. Андыктан, ала качуунун курмандыгы болгум келбейт. Бирок ала качуу бар экенин көрүп жүрөм. Ала качып келген кызды салтка такап, илгерки түшүнүктөр менен жоошутуп отургузуп коюшат, андыктан ала качуу салт эмес, бул кылмыш».

Айгерим ала качуу кылмыш экенин айтат
Света Исакеева Мындан 39 жыл мурун жолдошу менен сүйлөшүп баш кошушкан. Учурда кызы турмушка чыгып, уулдары үйлөнгөн. Эл арасындагы “ала качуу-салт”, “ таш түшкөн жер оор”, “кыз жыргаар жерине ыйлап келет”деген тушүнүктөргө каршы экенин айтат:
“ Эки уулум бар, экөө тең сүйлөшүп, макулдашып үйлөнүштү. Анткени “ала качып алып келбегиле, кыздарды сыйлагыла, алар да бирөөнүн мончоктору” деп көп айтчумун. Аларга рахмат, атасы экөөбүздүн акыл-кеңешибизди кабыл алып, макулдашуу жолу менен жубайларын алып келишти. Кызым да турмушка сүйлөшүп, макулдашып чыккан. Баары бактылуу жашап жатышат. Мен деги эле кызды мажбурлап алып келип, анын жолун тосуп босогого жатып алып, кыздын тагдырына балта чапкандарга каршымын. Ошондон улам салт менен кааданын айырмасын билбей жатышабы дейм. Мейли жаштык кылып балдар кызды ала качып келишти бирок улуулар эмнеге унчугушпайт. Салт деп ала кызды ала качып келишсе анда нарктуулук кайда калат, ошону аңдай албай жатышат», -дейт.

Света Исакеева: «Макулдашып баш кошуу бактылуулукка алып келет»,- дейт
Кочкор райондук ички иштер бөлүмүндөгү милициянын капитаны Айбек Кыдыралиев ала качуу өлкөдөгү Бурулай менен Айзаданын кейиштүү окуясынан кийин катуу көзөмөлгө алынып, күчүнө кирген дейт, ала качууга катышкан адамдар жазага тартылып, ал адам уурдоо болуп эсептелинет. Мындай иштерди болтурбоо максатында ар дайым, айыл тургундарына, окуучуларга атайын жыйын өткөрүп, алдын алуу иштерин жүргүзүп келишет. Андан сырткары бул боюнча төмөндөгүдөй жазалар бар экенин эскертет:
Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде каралган кылмыштар жана алардын жазалары:
172-берене. Никеге туруу максатында ала качуу
1. Никеге туруу үчүн адамды ала качуу-беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Кыз баланы иш жүзүндөгү нике мамилелерине туруу же болбосо никеге туруу үчүн ала качуу-жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
173-берене. Иш жүзүндөгү нике мамилелерине турууга мажбурлоо
Бала менен иш жүзүндөгү нике мамилелерине турууга мажбурлоо-1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
174-берене. Адамды никеге турууга мажбурлоо
Адамды никеге турууга мажбурлоо, ошого тете мажбурлап түзүлгөн никени улантууга мажбурлоо, же никеге турбастан чогуу жашоого, же мындай чогуу жашоону улантууга мажбурлоо, ошого тете адамдын никеге туруусуна тоскоолдук кылуу-1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Айбек Кыдыралиев
Баланын очогу жансын, балдар бактылуу болсун десеңиз анда, эч качан ала качууну салт деп эсептебеңиз, аны менен катар эл арасындагы калыптанып калган түшүнүктөрдү балдарыңызга таңуулабаңыз. Муну менен сиз ажырашууга, ала качууга бөгөт койгон болосуз.
Бурул Майрамбек кызы