Бурулай Жусупбек кызы Германиянын Генрих Гейне атындагы университетинде медицина тармагында билим алат. 2-курстун студенти болгон Бурулай кыялындагы кесиптин ээси болуу үчүн немис тилин нөлдөн үйрөнүп, Кыргызстандагы окуусун тыштап салган. Бизге берген маегинде ал Германияда билим алуу тууралуу бир катар кызыктуу учурларга токтолду.
— Бурулай алгач өзүңүз жөнүндө айтып кетсеңиз.
— Мен 22 жаштамын. Жалал – Абад облусуна караштуу Чаткал районунда төрөлгөм. 1-класстан 6-класска чейин Ала-Бука районундагы мектепте окуп, 7-класстан тарта Оштогу кыргыз-түрк лицейинде билимимди уланттым. 11-классты аяктаган соң, Кыргыз медициналык академиясына тапшыргам. Бирок, ал жердеги окуу системасы мага жакпай 1,5 жылдан кийин окуумду тыштап салдым. Ошондон кийин Германияга келдим. Азыркы убакта Германиянын Дьюссельдорф шаарындагы Генрих Гейне атындагы университеттин медицина факультеттинин 2-курсунун студентимин.
— Германиядагы окуу жайга кантип тапшыдыңыз?
— Мен лицейде 9-класста окуп жүргөндө Голландияга олимпиадага баргам. Ошондо Европага тур кылып, Германия, Швецария, Бельгия, Голландия, Түркия жана Францияны кыдырганбыз. Ошол учурда Германия мага абдан таасир калтырган. Кыргызстанга кайткандан кийин дагы Германия тууралуу маалыматтарды окуп жүрүп, бул өлкө медицина боюнча дүйнөдө алдыңкы катарда тураарын билдим. Ошондо эле мен сөзсүз Германияда билим алам деп өзүмө максат койгом. Мен чын жүрөгүмдөн каалап, абдан аракет кылдым. Бирок, биринчи Кыргызстандагы медициналык академияда окуп баштап, ал жак көңүлүмө жакпай калгандан кийин айылга барып ата-энеме айттым. Аларга Германияда окугум келээрин айтсам, “өтсөң кете бер”, деп коюшту. Ошондо мен 2-курс болуп калгам. Университеттеги окуумдан тышкары, немис тилин үйрөнүп баштадым. Аны менен катар “Германияга кантип кетсем болот?” деген суроого жооп издеп, кетүү жолдорун караштырдым. Мага немис тилин окуткан мугалимдердин кеңеши менен мен Германиядагы тил мектебине тапшырдым. Германияда 6 ай немис тилин окугандан кийин С1 деңгээлиндеги сертификатты колума алдым. С1 сертификаты менен бул жерде окуу жайга тапшырса болот. Бирок, бул прцесстер абдан татаал. Мен башында Германияга келген соң, бул жердеги мекендештерден кантип медицина багыты боюнча окууга тапшырсам болот деп сураштырдым. Бирок, алар бул багытта окууга өтүү абдан татаал экенин айтышып, керек болсо немистер өздөрү өтө албай жүргөндөрүн билдиришкен. Ошондо мен ичимден сөзсүз окууга тапшырам деп намыстангам. Жарым жылдай убактым маалыматтарды издеп, топтоп окууга тапшыруу үчүн кетти. Германияда медицина тармагында окуйм деген каалоом менен немис тилин нөлдөн баштап окуп, кыялымды ишке ашырдым.
— Кыргызстандагы медициналык академиянын билим берүүсү жакпай, окууну таштап салдым деп айттыңыз. Кененирээк токтолуп кетсеңиз, кайсы нерселер сиздин купулуңузга толгон жок?
— Биринчи нерсе, мен кыргыз-түрк лицейин бүтүргөндүктөн, лицейде билим алуу үчүн бардык шарттар бар эле. Медициналык академияга тапшырганда, көп нерсе эски болгон үчүнбү мен кайра артка кетип жаткандай болдум. Китептердин эскилиги, билим берүүнүн сапаты, студенттерге карата мамиле жаккан эмес. Мындан тышкары, окуу жайда 6 жыл окуп андан кийин ординатура ж.б болуп 11 жыл болуп кетет экен. Бул жылдар жашообуздун маанилүү бөлүгү. Кыргызстанда 6 жыл медицина тармагында окуган соң, врач боло албайсың. Бирок, Германияда 6 жыл окуган соң врач боло аласың. Ошондуктан, мен кийин өкүнүп калбаш үчүн колдон келген аракетимди жасап, чет өлкөдө билим алууга аракет кылдым.
— Германияда окууну кыялданган жаштарга жардам берүү ниетиңизди билдирип өттүңүз…
— Германияда кантип окусам болот деп мага кайрылган жаштар абдан көп. Мен колуман келишинче билген маалыматтарымды айтып берип жатам. Жакында казакстандык таанышым экөөбүз чет өлкөдө билим алам деген жаштарга арнап бир долбоор түзүүнү пландап жатабыз. Биз социалдык тармактар аркылуу маалыматтык колдоону уюштурабыз. Учурда Кыргызстанда өзгөчө айыл жериндеги жаштарга көп маалыматтар жетпейт. Ошондой эле интернетте деле кыргыз тилинде керектүү маалыматтарды табуу кыйын. Биз аймактарга басым жасайлы деп жатабыз.
— Германиянын билим берүү тармагында кандай өзгөчөлүктөрдү байкай алдыңыз?
— Мен Кыргызстанда дагы окуп калган үчүнбү айтор көп салыштырам. Албетте, өзүбүздүн өлкөбүздө дагы артыкчылыктар бар. Бирок, Кыргызстанда билим берүү тармагынын эң негизги тоскоолдугу – коррупция. Коррупция бар жерде студенттер дагы билим алуу үчүн болгон аркетин кылбайт. Акча берип койсом, баа коюлат деген ой жашайт. Германияда студенттер үчүн мындай вариант жок болгондуктан, алар окушум керек же окубасам кетишим керек деген принципти түшүнүшөт. Ошондой эле бул жакта мамлекет студенттерди абдан жакшы колдойт. Окуу абсолюттук түрдө акысыз. Ошондой эле студенттерди өз алдынча болууга үйрөтүшөт экен. Мен башында келгенде бир аз кыйналдым. Анализдеп көрсөм, мен өз алдынча болгондон кыйналыптырмын. Себеби, Кыргызстанда даяр материалдарды берип коюшат. Ошону окуп келип эле, баа алса болот. Ал эми Германияда материалдарды өзүбүз издеп, өз планыбызды өзүбүз түзүүгө туура келет.
— Германияда билим алууну пландап жаткан жаштарга кандай кеңеш бере аласыз?
— Германияда сапаттуу билимди акысыз алса болот. Ошондуктан, эч нерседен коркпой, көбүрөөк ааркет кылыш керек. Мисалы, мен өзүмдүн башымдан өткөн окуяны айтсам, университеттен документтеримди алып, окууну биротоло таштап жатканда колумда Германияга кетүүгө уруксат берген визам жок болчу. Бул мен үчүн чоң тобокелчилик болчу. Бирок, ичимден өзүмө ишенгем. Эгер виза албай калсам дагы, кайра апелляцияга тапшырам деген пландарым бар болчу. Ошондуктан, ал жакта менин эч кимим жок, акчам калбай калса эмне болот, окууга өтпөй калсамчы деген ойлордон алыс болуп аракет гана кылуу керек. Коркуулардан кыялдар бийик болуш керек.
— Виза ала электе окууну таштап салыптырсыз. Бул нерсени, ата-энеңиз кандай кабыл алды?
— Мен бала кезимден өз алдынча болууга көнүп калгам. Балким, бул нерсеге лицейде алган билимим фундамент болсо керек. Ошондуктан, ата-энем мага ишенишчү. Мен бул ишеним үчүн аларга ыраазымын. Анткени, коомубузда кыздарды билим алуудан чектеген көрүнүштөргө күбө болуп келебиз. Апам, атамдын колдоосу болгон үчүн мен бүгүн чет өлкөдө өзүм кыялданган кесипте билим алуудамын. Алар мага каржылык жактан гана колдоо көрсөтөөрүн айтышкан. Ошентсе дагы, учурда Германияда окуудан тышкары иштеп жатам. Бул жактан иштеп тапкан акчам өзүмдүн керектөөлөрүмдү камсыздоого жетет.
Ар бир кыргызстандык чет өлкөдө билим ала алат
Алмаз Арапов: Дүйнөлүк билим стандарттарына төп келген студенттерди даярдоо максатыбыз
Абитуриент студенттик күндөргө даярсызбы?
Касиет Кубанычбек кызы