Сумбула айыл өкмөтүндөгү мектеп окуучулары учун Жамал Сейдакматова жетектеген жаш актёр актрисалар спектакль коюшту. «Спектакль биринчиден бул баардык нерсе ынтымак дегенди билдирет. Үйдө деле ата-эне чырлашып же болбосо бала эненин тилин албаса мындай жашоо болбойт. Анан ар бир улут сен орус, тажик, кыргыз деп бөлгөн болбойт андан көрө ынтымакта жашайлы, ынтымактан артык эч нерсе жок. Ал эми экинчиден бул сүйүү, сүйүүнү баркташ керек. Сүйүүгө эч кандай тоскоолдук кылбай кайра эки жаштын сүйүүсүнө шарт түзүп берүү керек», деди Жамал Сейдакматова.
Даярдагандар: Ганиев Амантур, Асан уулу Камбар