Сумбула айыл өкмөтүнүн сессиясы 15-август күнү болуп өттү. Ага айыл өкмөттүн кызматкерлери жана айылдын депутатары катышты. Сессия өкмөттүн имаратынын чоң залында болду.
Сумбула айыл өкмөттүнүн сесиясын айыл өкмөт Баймурат Бекмуратов ачып берди. Сессияда беш айылдын көйгөйлөрүн жана Сумбула айыл аймагынын кайсы жол менен өнүгүшүн ортого салды.
Сумбула айыл өкмөттүнө топоздун эттин өндүрүү үчүн чоң эт чыгаруучу ишкана курууну Сумбула айыл аймагынын башчысы Баймурат Бекмуратов билдирди.
“Августтун он бешиде Сумбула айыл өкмөтүнүн сессиясы өттү. Сессияда айыл өкмөттүн айылдарын туруктуу өнүгүү багыттарын чечүүгө аракет кылдык. Анда биринчи эле Андарак айылындагы жайлоосу топоз бакканга ыңгайлуу болгону үчүн топоздун эттин өндүрүүгө ишкана ачууну көздөдүк,”- деди Бекмуратов.
Бекмуратов аталган айыл өкмөттүн 2015- жыл экономиканы көтөрүгө багыталган өнүктүрүү программасы менен тааныштырды.
“Биз 2015-жыл экономиканы көтөрүү үчүн иш-чаралар бар. Алар Андарак –Исфана автожолунун жеегиндеги топурак каръеринин жанына бышкан эмес кирпич чыгаруучу завод куруу.
Саркент жайлоосунун инфраструктурасын инвестордун жардамы менен өзгөртүп, жолдорун, электрэнергиясы менен камсыздап, заманбап интернет байланыштарды түзүү менен туризмди өнүктүрүү.
Айыл аймагындагы кен байлыктарды иштетүү учун инвесторлор менен жумуш алып баруу.Ушуларды эми ишке ашыруу аракетиндебиз мындан башкада көптөгөн пландар бар,”- деп билдирди Баймурат Бекмуратов.
Сессия учурунда кызматкерлер бир добуштан берип, Сумбула айыл өкмөттүнүн атактуу атуулу деп отуз алты жылдан Сумбула айыл өкмөтүндө жоопту катчы болуп иштеп келген Анаркул Атамкулов сыйланды.
Атамкулов кубанычын биз менен бөлүштү.
“Менин азыркы кубанычым Сумбула айыл өкмөтүнүн атактуу атуулу сыйлыгын алганым.Ойлошумча бул айыл өкмөттө отуз алты жылдан бери иштегенимдин аркасы менен алдым окшойт,”- деди жоопту катчы.
Ал эми аталган айыл өкмөттүн кызматкери Абдурайим Жороев сессия туралуу билдирди.
“Негизинен бул өтө жакшы өттү. Ал жерде мен өз добушумду ушул жоопту катчыга бердим. Себеби ал отуз жылдан ашык үзүрлүү эмектенгени үчүн алды деп ойлойм. Мен бул кишини сыйлайм,”- деди Жороев.
Даярдаган: Камбар Асан уулу