Бүгүн Сумбула айыл өкмөтүндө балдар күнүнө карата балдар үчүн майрам өткөрүлдү. Анткени 1-июнь балдарды коргоо күнү. Майрам абдан кызыктуу болуп, балдарга жакты. Майрам концерттик түрдө өттү, концертке айыл таланттары келип ырдап, бийлеп балдардын маанайын көтөрдү. Концерт 2 саатка созулуп балдар күлүп жыргап маанайлары көтөрүлуп калды. Майрам өкмөт башчысы Бекмуратов Баймураттын демилгеси менен болду. Майрамды Бекмуратов Баймурат өзү балдарга каалоо-тилек айтып ачып берди.
Майрамдын аягында айыл өкмөтү тарабынан каржыланган балдарга балмуздак таратылды. Бул майрам былтыркы жылы да откорулгон деп белгилешет айыл өкмөт башчысы.
Даярдаган: Амантур Ганыев