2015-жылкы жаңы окуу жылына карата «Манас» мектебинде тартип өзгөчө болмокчу.Быйылкы жылы «Манас» мектебинин окуучулары үчүн Кыргызстандын бирдей тандалып алынган мектеп формасы кийилет.Жана да мектепте быйылкы жылы көптөгөн өзгөрүүлөр болду.Мектеп жашылданып ишембиликтер көп-көп өткөрүлдү.Мектептин айланасын жашылдандырылды.
Жана да сабактар боюнча зоналык,региондук,райондук,облусттук турларда байгелүү канаттандырарлык орундарды ээлеген болчу.
Жана да мугалимдерге окуучуларга өзгөчө тартип каралган.Окуучулар кыргыз-тил,химия,физика сабактарынан байгелүү орундарды алышкан.
Жана да спортту өркүндөтүү үчүн өзгөчө көңүл бөлүндү.Мектептин дене-тарбия агайы Алдашов Гасыдин буга өтө чоң салым кошту.
Мектепте воллейболл,футбол боюнча өзгөчө чоң көңүл бурулду.Мектептин окуучулары болсо зоналык,райондук турларда өтө сонун жыйынтык көрсөтүштү.Бул болсо Гасыдин агайдын мээнети болгон.Ал узак убакытка чейин балдарды чемпионаттарга даярдаган.
Ал эми азыркы кезде «Манас» мектеби да спорт тарабынан өнүгүп баштады.Ал эми футбол боюнча да райондук турга чейин барып 2-орунду багынтып келди.Жаңы окуу жылына карата да чоң өзгөрүүлөр болмокчу.Мугалимдерди катуу көзөмөл кылып окуучулардын окууна да өзгөрүүлөрдү кошумча ийримдерди кошмокчу болуп жатышат.Ал эми мектеп директору да спорт тарапка көп көңүл буруп спорт тарабын өркүндөттү.
Даярдаган:Төлөнбай уулу Нурсейит
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»