Айылыбызда жылдан-жылга айыл тургундарынын саны азайып жатат.Жылына 2-3 үй-булө шаарга үй-бүлөсү менен көчүп кетип жатат.Мынтип жылына шаарга кете берсе айылыбызда адам калабы деген суроолор туулат.
Мынтип ар-жылы адамдардын көчүп кетишинин да себептери бар.Айылыбызда болсо баардык тургундарды камсыздай турган жумуш жок.Ар бир адам өз үй-бүлөсүн багуу керек а айылыбызда бул үчүн жумуш жок.
Шаарга кетип ошол жакта жумуш кылып бутуна туруп алып ошол жакта калып отурукташкандар азыркы кезде аябай көбөйүп жатат.
Ал эми азыркы кезде жумушсуздукту жоюу үчүн чаралар көрүлүп жатат.Массалуу жумушчулар иштеген жер бул Лейлек районунун Сүлүктү шаарында ал жерде өмүр чыгаруучу шахталар бар.Ал шахта да көп ал эми жумушчулардын саны да аябай көп.
Ал эми Сумбулада андай массалык түрдө жумуш жок.Азыркы кезде «Саркент» жайлоосуна кичи электростанция куруу каралууда.Бул долбоор кытайлар тарабынан ишке ашат.Ал эми бул электростанцияны курганда албетте кыргыз тараптан да жумушчу керек болот.
Ал жактагы суу Тажикстанга өтүп кетип жаткандыгына байланыштуу ал сууну сактап калуу максатында бул долбоорду иштеп жатышат.Бул электростанцияны курууда биздин тургундарга да чоң пайда алып келет.Анткени бул айыл тургундарына жумуш пайда кылат.Ал эми эми айыл тургундары ошол жерде иштеп үй-бүлөсүн багышат.
Бул электростанцияны курууда жумушсуздукту жоюуга чоң салым кошот.
Азыркы кезде айылыбызда эки улут жашайт.Кыргыздар жана тажиктер.Учурда кыргыздар азайып кетүүдө а тажиктер болсо өтө көп.Кыргыздардын көпчүлүгү шаарга кетип ошол жакта иштешет.Ал эми тажиктер шаарга барышпайт.Эми жакын арада айыл тургундарына да туруктуу жумуш болуп калат деп ойлойбуз.
Даярдаган:Төлөнбай уулу Нурсейит
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»
help me write a research paper