Нарын районуна караштуу Учкун айылында көп жылдан бери таштанды маселеси чечилбей келет. Айыл тургундарына таштанды төгүүгө жер бөлүнүп берилгени менен, элдер тыюу салынган жерлерге төгүшүүдө. Бул маселе туурасында айыл жашоочуларына «Сиз таштандыны кайсыл жерге төгөсүз? Бул маселени кантип чечсек болот?» деген суроолорду узатып көрдүк.
Жумагулов Илияз: Биз таштандыны тээ чийнеге салып алып мына бул аңга, таштанды төккөн жер бар, ошого төгөбүз. Таштандыны киши баспаган, чуңкур жерге төгүш керек. Ал негизи болбойт да. Ар кайсы жерге төккөндө, шамал учурат. Тамдын тегереги таза кармаш керек. Бала-бакырага күл учуп тийсе, тумоо тийет. Үй ээлери өздөрү чечиш керек. Таза кармагыла, бир жерге төккүлө, деп айтылып эле жатат.

Аманкулова Миргүл: Таштандыларды тээ аңга төгөм. Аны эми өкмөт караш керек да. Тазалык деп бакчага төгүлүп жатпайбы. Туура эмес да. Ар бир адам өзү үчүн тазалаш керек. Биз таза болсок, айылыбыз да таза болот. Бул күнгө чейин жыйналыш өткөрулө элек. Бир-эки сапар өткөрүлсө керек.
Болотбеков Темиркан: Мына бул жактагы атайын аң бар, ошого барып төгөбүз. Негизи ошол жер эле туура, маселени чечиш үчүн баары менен кеңешиш керек. Жалгыз өзүбүз чече албайбыз го. Негизи таштанды аябай зыян, ар кандай ооруларды алып келип жатат.
Акматова Шааркүл: Азыр таштандыларды гараждын аркасына барып төгөбүз. Негизи таштандыларды алыс жакка, көрүнбөгөн жакка төгүш керек. Бир эле кишини карабастан, эл чогулуп кайсы жакка төгүш керектигин чечиши керек. Айыл ичиндеги аба бузулуп, көркү кетип жатат. Жыйналыштар өтүлүп жатат. Бирок алардан тыянак чыккан жок.
Нааматбекова Гүлбара: Мен таштандыны өзүмдүн үйүмдүн наары жагында, таштанды төккөн жер бар, ошого төгөм. Алыс жерге төккүлө. Албете, зыяаны келет да, ал жерге ит, мышык барат, балдар ойношо, алар кайра үйгө киришет. Жыйналыштар өткөн, бирок элдер өздөрү түшүнүп калыш керек да, кечке эле айттыра бербей.
Мектеп кароолчусу Куттубек байке: Негизи таштанды төгүүчү жер бар, киши баспаган жерлер, ошол жакка төгүү керек. Мен дагы ушул таштандыны чогултуп туруп, машине менен аңга төгөм. Бирок ал жерге төкпөш керек. Таштандыны бөлүнгөн жерге төгүш керек, ал эми ал бир эле адамдын колунан келчү иш эмес. Тегеректеги элдер жалпы түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек. Анан ар бир кишинин уяты болуш керек да. Айыл башчы жана айыл өкмөт да бул туурасында элдерге көп эле түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.
Мед айым Айзада эже: Үйдөн чыккан таштандыны биз жактагы аңга төгөбүз, болушунча гүлдөрдү төгөбүз. Салафан, бөтөлкөлөрдү төкпөйбүз да. Биз төгүп аткан жерге өтө одоно нерселерди төкпөгүлө дешкен. Атайын таштанды төгүлсүн деген белгиленген жер деле жок. Мүмкүн болсо ошондой жер болсо жакшы болмок. Айылдан алыс жакка транспорт беришсе, таштандыны алыс жакка төксөк жакшы болмок.
Даярдагандар: Нурай Алмаз кызы, Бекмырза Нурланов
Редактору: Жанара Асанкул кызы