Коомубузда гендердик баланс сакталбай, кайсы бир жагдайда аялдын же эркектин укугу бузулган учурлар, көгөйлөр көп. Анын бири кадр маселесиндеги укук бузуулар. Эркектерди лидер катары калыптаган стереотиптер, аялдар — декретке кете берет деген ишенимдин төмөндүгү буга себеп.
Бул ирээт жогоруда айткан маселеге токтолуп, негизги себептерин билгенге аракет жасайбыз.
Мамлекеттик кызматка өтүүдө эркек менен аялдын укугу бирдей. Кыргызстандагы мамлекеттик административдик кызматта кадрлардын 46% аялдарды 54% эркектерди түзөт дейт Мамлекеттик кадр кызматынын уюштуруу иштери жана карьералык пландоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Махтумкули Макешов.
“Албетте кызматка алууда сөзсүз түрдө гендердик теңчилик каралат. Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин 4-пунктуна ылайык кызматка кирүүдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын жынысына, рассасына, тилине, майыптуулугунун болушуна, этностук таандыгына, туткан динине же башка абалына карабастан бирдей жеткиликтүүлүк деп жазылган. Ошол мыйзамга ылайык жумушка алууда гендердик теңчилик да каралат. Эч кандай артыкчылык берилбейт, мамлекеттик кызматка өтүүдө эркек менен аялдын укугу бирдей.”
Жогоруда мамлекеттик кадр кызматы кайсы бир кызматка кирүүдө эркек менен аялдын укугу бирдей экенин баса белгиледи. Бирок, Суусамыр өрөөнүндөгү бир көрүнүшкө токтоло кетели. Өрөөндө 10 мамлекеттик мекеме болсо, анын экөөсүндө гана аял жетекчилик кылат. Сапарбек Мырзакматов атындагы орто мектебинин жетекчиси Жылдыз Бектурганова жетекчилик кызматка талапкер болуудагы кыйынчылыктарды айтып берип, эркектер жетекчилик катары жасаган иштерди аял жетекчилер да жасай алаарын баса белгиледи:
“Мен жетекчилик кызматка кандидат болууда каршы болгондор, бут тосуулар болгон. Менден башка да эки эркек кандидаттыгын койгон, бирок кудайдын буйругу менен мен ушул орунга шайланып калдым. Иштеп жатканыма 5 жылдын жүзү болду. Чынын айтсам буга чейинки эркек жетекчилер кылбаган иштерди кылдым. Мектеп ысык суу, муздак суу менен камсыз кылдым, 50 жылдан бери оңдолбогон электр чубалгыларын алмаштырдым, атайын проект жазып, аракет кылып былтыр АРИСтен 2 млн 485миң сом проект утуп, быйыл мектебибизди капиталдык оңдоодон өткөрдүк. Демек мен өзүмдүн жасаган иштерим аркылуу эркектер жасаган ишти биз аялдар да андан ашыра жасай алабыз деп далилдеп кетким келет.”
Андан сырткары Жылдыз Бектурганова бул шартта үй-бүлөнүн колдоосу өтө маанилүү деп эсептейт:
“Албетте мен бул кызматка келүүдө биздин үй-бүлөдө да гендердик саясат бир аз болсо да козголгон. Бирок менин жолдошум, кайын атам өтө түшүнүктүү адамдар. Бул кызматка келүүдө каршы болбой тескерисинче колдоо көрсөтүшкөн.”
Кайсы бир кызмат үчүн аялдардын ордуна эркектерди жумушка алуунун негизги себептери тууралуу “Социалдык Технологиялар Агенттиги” коомдук уюмунун өкүлү, гендердик эксперт Бактыгүл Исланбекова айтып берди:
“Кайсы бир кызмат үчүн аялдардын ордуна эркектерди жумушка алуунун негизги себептери бул аялдардын репродуктивдик функциялары менен байланыштуу. Эгерде бир жумуш ордуна бой жеткен кыз, жаш келин жана эркек киши талапкерлигин көрсөтсө, компаниянын жетекчилери эркек кишиге артыкчылык беришет. Себеби репродуктивдик курактагы аялдар жакында төрөйт да, декреттик өргүү алышат, балдар ооруп калса же үй-бүлөөдө маараке өтсө үй жумуштарын аткарууга да көбүнчө аялдар жумуштан жооп сурашат. Өнүккөн өлкөлөдө балдарды кароо жумушу эки ата-энеге тең бирдей жүктөлүп, балдарды кароо, үй жумуштарын бүтүрүү үчүн экөө тең бирдей эмгек өргүүсүн алат. Ал эми бизде көбүнчө жүк бир гана аялдардын мойнунда.”
Кадр маселесинде гендердик теңдикти сактоо үчүн мыйзамдар так жазылыш керек
Зыйнат Самар кызы