11-мартта Суусамыр айылында 5 мектепетин кыздар-балдар арасындагы волейбол оюну болуп өттү.
Мелдеш Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектебинде өтүп, жыйынтыгында Кызыл-Ой айылындагы Түркмөн орто мектебинин балдары жана Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектебинин кыздары жеңишке жетишип, облуска жолдомо алышты.
Мелдештин жеңүүчүлөрү Рыскулбеков Кулан жана Рысбек уулу Дамир төмөндөгүлөрдү айтышты:
“ Мелдеш биз үчүн абдан оор болду,ошентсе да жеңип чыгууга болгон күч аракетибизди жумшап ойнодук.Алдыдагы максатыбыз жакында боло турган райондук мелдешке катышып андан дагы жакшы орундарды багынтсак деген ойлорубуз бар.”
Спорт ден соолукка пайдалуу болгондуктан мындай оюндар Суусамырда көп-көптөн өткөрүлүп турат.
Даярдаган:Зыйнат Самар кызы