Жаш инспекторлордун облустук сынагына Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын, Жумгал, Кочкор районунан жана Нарын шаарынан жалпы 6 команда катышты. Ак-Талаадан ЮИДД командасы катышып келди.
Аталган сынак бир канча жылдан бери окуучуларды жол эрежелерин үйрөтүп, кырсыктарды алдын алууга тарбиялоо максатында облустук ички иштер бөлүмүнүн уюштуруусу менен райондор арасында өтүп келет. Командалардын тапшырмаларды аткаруу тартибин баалоо үчүн калыстар тобу иштеди.
Ак-Талаа районунан барган команданын капитаны Б. Бараканова сынактын жыйынтыгына нааразычылыгын мындайча билдирди.
“Биз жыл сайын ушул сынакка келебиз. Бирок калыстар тобу дайыма баш байгени М. Сыдыков атындагы орто мектебинин командасына алып беришет. Бул жолу да ошондой кылышты. Ат-Башыдан келген команда күчтүү, даярдыктары жакшы экен. Калыстар ага карашкан жок. Эгер алардын максаты татыктууну эмес, аталган мектептин командасын тандоо болсо, анда бизди да, өздөрүн да убара кылбай эле бере берсе болмок экен”.
Даярдаган: Айдай Рахатбекова
“Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка”