Төө-Ашуудагы тоннелге асфальт төшөлүп бүттү, бүгүн 2-август күнү саат 16:00дөн кийин унаа кыймылына коюлган чектөө алынат. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев билдирди.

Анын айтымында, 2-августта дренаж казылган жердин ордуна, ошондой эле кошумча айрым жерлерге асфальт басылат. Жакынкы күндөрү тоннелдин кире бериш жерлерин жана анын айлана-чөйрөсүн көрктөндүрүү иштери башталат. Бул учурда автоунаалар үчүн эч кандай чектөөлөр болбойт.