Түп районунун Түп айылында «Карагат фестивалы» болууда. Анда жергиликтүү өндүрүүчүлөр өз продукцияларынан көргөзмө уюштурушту.
Фестиваль ар кандай оюн-зооктор менен коштолууда. Бул фестиваль үчүнчү ирет өтүүдө.
Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаевдын айтымында, фестивалдын негизги максаты багбанчылыктын маданиятын өнүктүрүү.
«Биздин өзүбүздүн брендибиз болуш керек. Жакын арада чек ара ачылат ошого даярдык болуш керек. Ачылганы бул чет өлкөгө алып чыгууга мүмкүнчүлүк. Ошол мүмкүнчүлүктү колдонуш үчүн биз көп аракет кылуубуз керек», — деп билдирди Каптагаев.
«Биз азыр тигип койсок эле өсө берет. Анан жыйнап алып сата беребиз, деп ойлойбуз. Жок андай эмес. Кантип туура өстүрүү керек, кантип туура кам көрүш керек экенин элдерге жайылтыш керек. Бул долбоордун башаты. Буга чейин мындай максаттуу долбоор болгон эмес», — деп кошумчалады Каптагаев.
Бул фестивалдын катышуучусу Гүлнура Токторбаева Барскондон келген. Бүгүнкү көргөзмөгө айылында өскөн мөмө-жемиштерин жана колго жасалган кийиз буюмдарын алып келген. Анын айтымында, жылдагыдан элдер көп түшүнүп, билишип сатуучулар да, алуучулар да көп.
«Көлдө айдалган жер-жемиштердин көргөзмөсүн уюштуруп жаткандарга ыраазымын. Бүгүн элдер абдан көп. Жалаң гана колго жасалган продукцияларын алып келишти. Элдер кызыгып алып жатышат. Чет элдиктер дагы келип алышууда. Өзүбүздүн жашообузга да чоң таасирин тийгизип жатат», — деп билдирди Токторбаева.
Түп районун Түп айылынан «Ак-шууру» жааматынын жетекчиси Клара Алышпаева бул фестивалга экинчи ирет келип жатканын билдирди. Ал бүгүн көргөзмөгө өздөрү жасаган кийиз өтүк, кыздын себин жана ушул сыяктук колго жасаган буюмдарын алып келген.
«Бүгүнкү фестивалдын уюштууру жагы эң сонун болуптур. Биз өзүбүз жасап келген кийиз бут кийимдер жакшы өтүп жатат. Андан сырткары биз башка жааматтардын жасаган иштерин көрүп тажрыйба алмашууга да эң жакшы мүмкүнчүлүк болууда», — дейт Алышпаева.
Фестивалда окуучулардан түзүлгөн ыктыярчылар Балыкчыдан келишип катышуучуларга ар кандай сүрөттөрдү тартып берип жатышты. Алардын бири Бермет Акунсартова.
«Бүгүнкү фестиваль аябай сонун болуп жатат, бизге жакты. Мурда дагы катышып жүргөнбүз. Бирок бул жолу өзгөчө болуп жатат көңүлдүү», — деп билдирди Акунсартова.
Карагат+ бул Ысык-Көл облусун комплекстүү экономикалык өнүктүрүүнүн праграммасы. Бул программанын демөөрчүсү «Кумтөр Голд Компани» болуп саналат.
Келээрки жылы өтүүчү бул фестиваль эстафета катары Ак-Суу районуна өткөрүлүп берилди.
Даярдаган:Айгерим Кубатбекова