2026-жылдын 25-июнунда Түп районунда Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курула турган «Хан-Теңири – 5» турак жай комплексинин курулушунун башталышына арналган мезгил кутусун салуу аземи өттү.

Иш-чара Түп айыл аймагынын «Манасчы Уркаш ата» конушунда уюштурулуп, ага Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, Түп районунун акими Тимур Мадяров, жергиликтүү тургундар жана айыл аксакалдары катышты.

Долбоордун алкагында 140 орундуу бала бакчасы бар 6 кабаттуу турак жай комплекси курулат. Комплекс жалпысынан 720 батирден турат. Алардын ичинен:
* 1 бөлмөлүү – 288 батир (46,42–51,41 чарчы метр);
* 2 бөлмөлүү – 288 батир (64,62–73,26 чарчы метр);
* 3 бөлмөлүү – 144 батир (90,3 чарчы метр).
Батирлердин жалпы аянты 49 572,72 чарчы метрди түзөт. Жалпысынан 24 блоктон турган турак жай комплексинин жалпы аянты 68 127,36 чарчы метр болот. Долбоор үчүн 10 гектар жер тилкеси бөлүнгөн.
Мындан сырткары комплексте 740 унаа токтотуучу жай каралган.
Ушул эле күнү ушундай форматтагы мезгил кутусун салуу аземи Каркыра айыл аймагынын Кен-Суу айылында да өткөрүлүп, жаңы турак жай комплексинин курулушуна старт берилди.

Жаңы турак жай долбоорлору аймактагы калкты жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылууга жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган.
Даярдаган; Муратбек Жумакадыров