Кочкор районунун тургундары азыркы учурдагы коронавирус оорусу жана той-аш боюнча өз ой-пикирлерлери менен бөлүшө кетишти.
Күз мезгилинде аш-тойлордун убагы келип, элдер арасында байма-бай массалык чогулуштарды байкоого болот. Пандемия учурунда мындай чогулуштарга барган адамдарда санитардык-гигиеналык абал толугу менен сакталат деп айтуу кыйын.