Кочкор районунун тургундары азыркы учурдагы коронавирус оорусу жана той-аш боюнча өз ой-пикирлерлери менен бөлүшө кетишти.
Күз келип айыл жергесинде той берип, аш өткөрүп жаткан кез. Ковид — 19 оорусу жөнүндө күн сайын окуйбуз, угабыз бирок тилекке каршы массалык чогулган адамдардын, тойлор, маданий иш-чаралар болуп жатат. Өзүнүн ой- пикири менен Кочкор районунун Сары-Булак айылынын тургуну Сайнагүл Дүйшөнбаева бөлүшүп кетти:
«Туура, бизге сыналгыдан, дарыгерлер топторунан жакшы түшүндүрмө иштери жүрүп жатат. Бирок ага карабастан кыргыздын адат салты калбайт экен, аш-тойго барыш керек экенсиң, чакырган жерге барбай койсоң, таарыныч болот экен. Коронавирус күчөп турган учурда деле тойлорго барып жүрдүк. Азыр болсо тойлорду кафе- ресторандарда өткөрүп жатышат, аларга деле катышып жатабыз, бирок санитардык эрежелерди сактабай, беткап кийген киши деле жок. Бул көнүмүш адатка айланып бара жатат. Мурун кол менен учурашкандан кооптонуу пайда болсо, азыр болсо мурункудай эле жүрөбүз.»
Кийинки сөздү Кочкор районунун Исакеев айылынын тургуну Жыргалбек Дүйшөбаев улантты: «Биз массалык чогулган жерлерге, той-аштарга барганда өзүбүздүн ден-соолугубузга кооптонобуз, анткени азыркы учурда оорунун кайра күчөп жатканын көрүп жатабыз, бирок ага карабай тойлорду өткөрүп жаткан кезибиз. Айла жок, тууганың той берип жатса барбай койгонго болбойт экен».
Кочкор районундагы Жан-Булак айылынын тургуну Тынчтык Бекбоев азыркы учурда той-аштар өткөрүлүп жаткан боюнча өз оюу менен бөлүшө кетти:
«Менде сөзсүз кооптонуу бар, оору жугуп калабы деп санитардык эрежелерди сактап жүрөм. Мен сактансам, коом сактанса жыйынтыгында жакшы болот деген ойдомун. Ошого карабай той-аштарга барбай койбойт экенсиң, тууган — урук бар, кыргыздын менталитетине жараша «чакырган жерден калба» деген сөз бар эмеспи».
Кочкор районундагы Кочкор айылынын тургуну Чынара Камчыбекова: «Кыргыздын тою бүтпөйт экен, өзгөчө күз айларында той-аштар көбөйүп, кафе- ресторандарда массалык адамдардын чогулганына күбө болуп жүрөбүз. Мисалы өзүбүз деле жакында бешик той бердик, кудай сактасын деп эле жүрдүм. Кудайга шүгүр баарынын ден соолуктары жакшы. Бирок кээде чүчкүрүп, жөтөлүп калсак дары ичип кооптонуу пайда болот. Азыркы учурда ооруга маани бербей жатабызбы же оору билинбей өтүп жатабы, түшүнбөй калдым».
Нурия Карымбаева