Ж.Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейдин жана Билим берүү спорттук техникалык коргонуу уюмунун базаларында (БСТКУ) аскердик жыйын өтүлдү. Жыйынга кесиптик лицейдин 460 окуучулары – “Шумкар” аскердик патриоттук клубунун мүчөлөрү катышты.
Кочкор билим берүү Спорттук Коргонуу Уюму жана Аскер комиссариаты тарабынан уюштурулган “Аскердик колдонмолор жана Спорттун түрлөрү” боюнча Кочкор районунда мектептер арасында мелдеш өттү.