Ж.Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейдин жана Билим берүү спорттук техникалык коргонуу уюмунун базаларында (БСТКУ) аскердик жыйын өтүлдү. Жыйынга кесиптик лицейдин 460 окуучулары – “Шумкар” аскердик патриоттук клубунун мүчөлөрү катышты.
Аскердик жыйын кесиптик лицей жана БСТКУ макулдашуусу менен бекитилген пландын негизинде 3 күн өтүлдү. Жыйында окуу пландын негизинде сабактар өтүлүп окуучулардын саптык даярдыгы, пневматикалык курал менен ок атуусу, АК-74 автоматын чачып кайра жыйноо, атайын аскер кийимин убакытка кийип чечүү жана дене-тарбия боюнча даярдыктары текшерилди.
3 күндүк жыйынды окуу жайдын аскерге чейинки даярдык мугалими Эсен Султанов, андан тышкары аскер комиссариаттын аскерге чейинки даярдык боюнча инспектору Эркин Караев жана БСТКУнун директору Иманбек Белек уулу жетектеди.
Жыйындын акырында катышуучулар — кесиптик лицейдин 460 окуучулары, “Шумкар” аскердик патриоттук клубунун мүчөлөрү диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Ж.Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейинин 2-курсунун 460 группасы активдүү катыштып, дипломдор ээлерине тапшырылды.
Медина Турдубекова