Ак-Талаа районундагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунда балдарды массаж жасоочу атайын бөлмө бар. Массажга бир күндө 3-4 наристе келет. Аларга Назгул Алиякбарова дарыгердин көрсөтмөсүнө ылайык массаж жасайт. Анын айтымында өтө кичинекей балдар үчүн, а түгүл жаңы төрөлгөн балдар үчүн дагы укалоо абдан пайдалуу. Эки айынан баштап массаж алса болот.
“Анткени массаж балага күнүмдүк кам көрүүнүн ажырагыс бөлүгү. Ал наристенин терисине гана эмес, өнүгүүсүнө, өсүүсүнө, кыймыл-аракетине, нерв жана жүрөк-кан тамыр системасына абдан пайдасын тийгизет. Эгер патологиясы жок болсо, массажды ымыркайдын өзүнүн энеси деле жылуу, жел жүрбөгөндөй таза бөлмөдө жасаса болот. Күнүнө бир жолу, эгер мүмкүн болсо бир убакытта жасоо талапка ылайык. Дени сак бала дагы 2, 4, 6 айында массаж алып турса жакшы болот”,- дейт.
Ошондой эле массаж алган наристе менен албаган наристенин денесинде айырма болот. Анткени массаж алган баланын денеси чың болуп, калыптануусу, өсүүсү улам жакшы болорун кошумчалады.
Барчын Мамытбекова